2022-09-28

КТМУ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ 2022 ЖАЙКЫ КУРС ЖӨНҮНДӨ ТҮРКИЯДАГЫ ТААСИРЛЕРИ


Түркияга жайкы курска барган студенттерибиз алган таасирлерин айтып беришти. Программа 26.09.2022 теология факультетинин Абу Ханифа амфитеатрында болуп өттү.
        Программада студенттер жайкы курс 2022 программасын башынан аягына чейин КТМУнун теология факультетинин деканы проф. Dr. Кемал Полатка рахмат айтуу менен башташты.
        Программада студенттер Түркияда окуган лекциялары, конференциялары жана Анкара, Конья, Бурса, Чанаккале жана Стамбулга жасаган маданий сапарлары тууралуу айтып беришти. Сапарда Селжук жана Осмон дооруна таандык архитектуралык жана маданий чыгармаларды көргөндөрүн жана ал керемет чыгармалардан таасирленгендерин айтышты. Ошондой эле Чанаккале турунда абдан эмоционалдуу болгондорун, мекенди коргоонун маанилүүлүгүн түшүнүшкөндөрүн жана Кыргызстан менен байланыш түзүшкөнүн айтышты. Курска Казакстандан келген студенттер да катышканын, алар менен жакшы достук мамиледе болуп, тажрыйба топтогондугун баса белгилешти. Алар бул программа студенттер үчүн абдан пайдалуу жана жемиштүү болгонун айтып, бул долбоордун мындан ары да уланышын каалашты. Программадан кийин жайкы курска катышкан бардык студенттер меймандос түрк элине, Түркия Республикасына жана мекемелерине ыраазычылык билдиришти. Өзгөчө алар турган Дин агартуу башкы башкармалыгына, Жибек Жолу фондуна жана орто мектеп директорлуктарына ыраазычылыктарын билдиришти.

https://www.duyantalya.com.tr/haber/ipek-yolu-nun-gonul-elcileri-nemli-gozlerle-ulkelerine-donduler-24045.html 

http://dogm.meb.gov.tr/www/kirgizistan-ve-kazakistandan-gelen-ogrencilere-yonelik-turkiyeden-yedi-kitaya-uluslararasi-yaz-egitim-etkinlikleri-gerceklestirildi/icerik/1666