2022-10-13

"КОШ КЕЛДИНИЗ" АЗЕМИ


2022-жылы  07-октябрь күнү Теология факультетинин даярдоо курсунун студенттери үчүн “Биздин факультетке кош келиңиздер” аттуу программа уюштурулду. Аталган иш чара Теология факультетинин Имам Матуриди Амфитеатрында өттү. Программага факультеттин деканы проф. док. Кемал Полат агай, ошондой эле академиялык жана административдик кызматкерлер катышышты.

Программа Куран окуу менен башталып, андан соң КТМУнун теология факультети тарабынан студенттерге сунушталган мүмкүнчүлүктөр, долбоорлор, ар кандай колдоолор жана факультеттин көз карашы камтылган жарнамалык видеоролик көрсөтүлдү. КТМУнун теология факультетинин деканы проф. док. Кемал Полат агай сөз сүйлөп, өз сөзүндө факультетибизди тандап алган студенттерге ыраазычылык билдирип, студенттик борбор болгон университет экенибизди баса белгилеп, өткөрүлө турган Араб тили, Куран жана Негизги Дин таануу курстары тууралуу маалымат берди. Студенттердин окууга жана университеттин турмушундагы факультеттин бардык иш-чараларына активдүү катышып, университеттин студенти болушу керек болгон бардык сапаттарга ээ болушун каалап, илим жолунда ийгиликтерди каалады.

Программанын уландысында декандын орун басары доц. док. Бакыт Мурзараимов, Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы проф., докт. Бекир Татлы агайлар жана программага катышкан факультетибиздин бардык академиялык жана административдик кызматкерлери өздөрүн тааныштырышты. Студенттерге жогорку сапатта билим алып, келечекте сапаттуу мыкты кадрлар болуууларын каалашты. Ошондой эле академиялык деңгээлде ар кандай колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришти. Иш чаранын жыйынтыгында даярдоо курсунун студенттеринин өкүлдөрү факультеттин деканына, академиялык жана административдик кызматкерлерге мазмундуу сөздөрү жана жылуу кабыл алуулары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Программанын аягында студенттерге факультеттин деканы тарабынан белекке китеп таратылып, чай жана торт тартууланды.