2022-11-28

Атайын билимге муктаж балдар: Түркия модели (Куршат Дулкадир)


2022-жылдын 4-ноябрында Түркия Республикасынын Элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир “Өзгөчө билимге муктаж балдар: Түркия модели” темасында маек куруп берди. Ал өз сөзүндө атайын билимге муктаж балдарды жалпы денгээлден төмөн же жалпы деңгээлден ашкан (жөндөмдүү) же майыптар деп атады. Аларга берилген атайын билимдин тарыхый авантюрасы тууралуу айтып берди. Айрыкча акыркы 15-20 жылда Т.Р. Улуттук билим берүү министрлигине караштуу мыйзамдар даярдалып, анын алкагында окуучуларга да, алардын ата-энелерине да ар кандай окуу китептери, угуу китептери жана керектүү материалдар чыгарылганын айтты. Ал ошондой эле бул долбоорлорго 15 жылдай катышканын айтып, атайын билимге муктаж ата-энелер жана алардын психологиясы тууралуу да айтып берди. Бул кооз долбоорлорду боордош Кыргызстанда да ишке ашырса болорун, Түркияны үлгү кылып, бул багытта логистикалык колдоо көрсөтө аларын билдирди. Ал катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Сөз соңунда КТМУнун теология факультетинин деканы проф. док. Кемал Полат ыраазычылык билдирүү менен бирге  ыраазычылык баракчасын тапшырды. Программа сүрөткө түшүү менен аяктады.