2022-12-08

Кыргыздын улуттук баалуулуктарынын Ислам дини менен байланышы (проф. док. Анвар Мокеев)


Кыргызстан-Түрк Манас университетибиздин негизги макаттарын эске алып, факультетибиздин демилгеси менен өз тарыхыбызга чоочундай мамиле жасоодон алыс болуу сезими менен жума сайын уюштурууну улантып жаткан "Эркин трибунада жума сүйлөшүүлөрү" программасына көрк кошкон кадырлуу коногубуз мурдагы проректор Проф. док. Анвар Мокеев күн тартибиндеги актуалдуу темалардын бири болгон “Кыргыздын улуттук баалуулуктарынын Ислам дини менен байланышы” аттуу абдан мазмундуу жана жемиштүү маек куруп берди.

Кыргыз мамлекети даярдаган мыкты чиновниктердин жана академиктердин бири Мокеев студенттерибиздин, өзгөчө академиялык жана административдик кызматкерлерибиздин келечегине жарык чачкан билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыргыз элинин өз билимин түзүү идеялары менен бөлүштү. Ислам баалуулуктарын кыргыздын улуттук баалуулуктары менен айкалыштыруу аркылуу жашоо философиясын ачып, алар ийгиликтүү болгонун жана бул биз билгендей Теңирчилик дегенди билдирбейт деп баса белгиледи. Мындан тышкары, биз өз инсандыгыбызга чоочун болбошубуз керектигин, тарыхыбызды алгачкы булактардан изилдешибиз керектигин белгиледи. Мокеев мырзанын бул мазмундуу, көздү ачкан интервьюсун биздин кызматкерлер да, студенттер да кунт коюп угушуп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушту.

Баяндама факультетибиздин деканы тарабынан ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен аяктады.