2022-12-19

Түркияда магистр жана PhD докторантура багытында билим берүү мүмкүнчүлүктөрү (Кенже илимий кызматкер Уланбек Калмурза уулу)


09.12.2022-жылдын жума күнүндө "Эркин трибунада маек" аттуу прогаммада "Түркиядагы жогорку билим берүү мүмкүнчүлүктөрү" темасы менен, кенже илимий кызматкер Уланбек Калмурза уулу конокто болду. Калмурза уулу Түркиядагы теология факультеттеринин тарыхына токтолуп, бүгүнкү Теология факультеттеринин иш аракети тууралуу кенен маалымат берди. Философия жана дин илимдери, негизги Ислам илимдери, Ислам тарыхы жана искусствосу жана алардын бөлүмдөрүнө түшүндүрмө берди.

Ал Түркияда акыркы 20 жылда магистр жана PhD докторантура багытында билим алган 200гө жакын кыргызстандык бар экенине жана алардын басымдуу бөлүгү фикх, калам, тафсир, хадис жана диний билимдерге басым жасаганын эске салды. Семинар бул темада катышуучулардын суроо-жооптору менен уланды. Программа ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен аяктады.