2022-12-26

Түркия тажрыйбасынын негизинде студенттерибиз жасай ала турган илимий иш-чаралар (Ага окутуучу доктор Хайытмирза Сотволдиев)


16.12.2022 күнү студенттерге арналган Эркин трибунада маек программасынын коногу, "Студенттерибиз Түркия тажрыйбасынын негизинде жасай ала турган илимий иш-чаралар" темасы менен КТМУ Теология факультетинин Ислам илимдери кафедрасынын ага окутуучус Док. Хаитмирза Сотволдиев болду. Баяндамачы бүгүнкү күндө Түркиядагы университеттердин студенттеринин академиялык деңгээлин көтөрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Мындай иш-чаралар ЖОЖдун студенттерине кандай салым кошуп жатканын жана бул үчүн эмне кылуу керектигин кеңири айтып берди.

Сотволдиев сезүн мындай деп улантты: — Жогорку окуу жайынын студенттеринин негизги максаты — алар алган билими боюнча өзүн-өзү даярдоо адистигин ийгиликтүү аяктап, өз кесиби боюнча ийгиликүү инсан болуп өсүү. Коомдун алардан көп нерсени күтүүсүн эске алуу жана замандын көйгөйлөрүн жана өнүгүүлөрүн эске алуу.Бул күтүүлөрдү аткаруу үчүн коом көп окуган, үйрөнгөн маалыматын өзүнө ылайыктуу чечмелей алган инсандарга муктаж. Ал жактан илим алган студенттерибиз бүгүнкү күндүн муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн чечүү жолдорун үйрөнүп, жана жаңы идеяларды өндүрүүгө салым кошууга аракет кылууга жетишишет.

Сүйлөшүүнүн аягында катышуучулардын тема боюнча суроолоруна жооптор берилип, факультеттин деканы проф. Док. Кемал Полат агай ыраазычылык баракчасын тапшырды.