2023-02-21

Кыргызстандын билим берүү системасындагы диндердин тарыхы (панель)


15.02.2023-жылы Теология факультетинде “Кыргызстандын билим берүү системасындагы диндердин тарыхы” аттуу панелдик жыйын болуп өттү.

Аталган панелде Проф. док. Кемал Полат төрагалык кылып, «Дин тарыхынын бүгүнкү күндөгү орду жана мааниси» деген темада доклад жасады. Диндердин тарыхынын маанилүүлүгүнө токтолгон Полат, өз динин билүү башка диндерди билүүнүн негизинде экенин, Исламдын баркын жакшыраак түшүнүү үчүн экенин баса белгилеп: «Үйүн көр аны жактыр, айылыңды көр анан айылын жактыр, Диндерди карап өз диниңер жакшы  көргүлө».

 Доц. док. Бакыт Мурзараимов чыкты. Мурзараимов Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кирип келген диний уюмдар жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал коопсуздук жагынан кандай көйгөйлөрдү жаратып жатканын жана мунун чечилиши мектептерде дин тарыхы сабагын окутуу менен ишке ашарын баса белгиледи.

Жазгүл Жолалиева «Мектептердеги «Дин тарыхы» сабагына  чейин диний билим берүүнүн жоруктары» аттуу билдирүүсүндө акыркы 30 жылда «Ыйман» жана «Адеп» сабактары болгонун айтып, дин тарыхы сабагы, өткөн жылы окута баштаган, абдан туура болгонун баса белгиледи.

Бишкек шаарында дин сабагынын мугалими болуп иштеп жаткан аспирантыбыз Мухаммет Исаков “Мектептерде окутулган диндердин тарыхы жана кездешкен көйгөйлөр” деген темада доклад жасады. Билдирүүдө ал мугалим, материалдык жана студентке багытталган көйгөйлөр чечүү боюнча сунуштар тууралуу айтып берди.

Жыйын суроо-жооп менен уланып, баяндамачыларга катышуу сертификаттарын тапшыруу менен жыйынтыкталды.