520200 «Биология» багыты боюнча магистратура программасы

КТУ "Манас"тын Табигый илимдер институтунун биология бөлүмү студенттерге ар кандай факультативдик сабактарды өтүү жана лабораториялык иштерди аткаруу аркылуу илимий кызыкчылыктарына ылайык карьерасын улантууга мүмкүндүк берген окуу планы бар магистратура программасын сунуштайт. Биздин бөлүм 2014-2015-окуу жылынан баштап магистранттарды кабыл ала баштады. Учурда биология багытында 12 магистрант билим алса, алардын 8и магистрдик долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат. Окуу планына класстык иш-чаралар, лабораториялык иштер жана диссертация жазуу кирет. Программа зоология, ботаника, цитология, гистология, анатомия, адам жана жаныбарлардын физиологиясы, генетика жана гендик инженерия, биохимия, молекулярдык биология жана биотехнология, иммунология жана эндокринология жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу ар кандай тармактарда болгон изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн камтуу менен иштелип чыккан. Биздин бөлүм магистранттарга химиялык биологиянын фундаменталдык билимдерине жана өнөр жайдын, технологиянын жана тармактагы тенденциялардын муктаждыктарына дал келген билим берүүгө өз салымын кошуп келет. Сураныч, изилдөө, лаборатория жана жабдуулар  боюнча магистратурада сунушталган курстар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн биздин веб-сайтка кириңиз. КТУ «Манас»тын биология бөлүмү тууралуу маалымат алуу үчүн бизге кайрылыңыз.

720200 «Биотехнология» багыты боюнча магистратура программасы

2019-жылдан бери КТУ «Манас»тын биология бөлүмү 720200 – «Биотехнология» багыты боюнча магистратура программасын ишке ашырып келет. Магистратуранын негизги максаты – «Биотехнология» адистиги боюнча магистр даражасын берүү менен «Биотехнология» адистиги боюнча терең кесиптик билими бар жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Магистратуранын билим берүү программасынын түзүмү 720200 – Биотехнология багыты боюнча эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын билим берүү стандарттарына ылайык келет. Бул магистрдик программанын максаты биотехнология тармагындагы изилдөөлөргө жана биотехнология боюнча адистерди эл аралык стандарттын деңгээлинде даярдоого багытталган КТУ “Манас”тын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнүн стратегиялык артыкчылыктарынын бирин ишке ашыруу болуп саналат. Магистрлерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу максатында биология бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасы системалуу жана ырааттуу чыңдалып, илимий жана өндүрүштүк мекемелер менен өз ара пайдалуу байланыштар түзүлүүдө.