«Биология» багыты боюнча докторантура программасы

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Табигый илимдер институту биология багытында докторантура программасын сунуштайт жана докторанттарга факультативдик сабактарды тандап, илимий кызыгууларына ылайык лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программа 2018-жылы ишке киргизилип, 2019-жылы кафедра PhD даражасына талапкерлерди кабыл ала баштаган. Учурда алар диссертациялык иши менен алектенүүдө. Окуу планы аз сандагы теориялык сабактарды жана максималдуу сандагы лабораториялык сабактарды жана өз алдынча иштерди камтыйт. Үчүнчү жана төртүнчү окуу жылы доктордук диссертацияга арналат. Программа университеттин жана Түркиядагы достук институттардын изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан жана чет өлкөдө илимий изилдөө жана стажировка үчүн да түрдүү гранттар сунушталууда. Биология кафедрасы PhD кандидаттарына биология тармагындагы фундаменталдык билимдерге жана эл чарбасынын керектөөлөрүнө, бул багыттагы жаңы технологияларга жана тенденцияларга ылайык билим берет.