2023-05-22

Табигый илимдер факультети «Маариф» билим берүү комплексинин окуучулары менен жолугушуу-тегерек стол уюштурду


17-майда саат 14.00-16.00 Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  Табигый илимдер факультетинин көрүнүктүү окмуштуулары физика-математика илимдеринин доктору, профессор:Асанов Авыт, проф.др. Анаркүл Урдалетова, проф. Мухамет Камали, ф.м.и.к. доц. Тамара Карашева ж.б. менен «Маариф» билим берүү комплексинин окуучуларына инсандык өнүгүү программасынын негизинде окуучулардын руханий жан дүйнөсүн байытуу жана математикалык шыгын ойготуу, STEM билим берүү багытына шыктандыруу, математикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, жогору математикага болгон алгачкы кадамдарды жеткизүү максатында жолугушуу- тегерек стол уюштурулду.