2023-04-06

Аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Рамазан жана балдар" аттуу семинар (Жазгүл Жолалиева)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелүү  Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин кенже илимий кызматкери Жазгул Жолалиева 05.04.2023-жылы “Рамазан жана балдар” аттуу семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду.