2023-04-07

Аялдар үчүн "Берекелүү Рамазан" программасы: "Намаз жана зикирдин мааниси" аттуу семинар (Айдана Абасова)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелүү  Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин бүтүрүүчүсү Айдана Абасова 06.04.2023-жылы “Намаз жана зикирдин мааниси” аттуу семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду.