2022-03-17

"Таажы кийүү" аземи болуп өттү. "


11.03.2022.  КТМУнун теология факультети тарабынан 1-курстун студент кыздарына "Таажы кийүү" аземи болуп өттү. Биздин факультеттин окутуучусу  Миргүл Бекмурзаева жана докторант студентибиз Дилноза Рахматиллаева даярдаган программага урматтуу ректорубуздун жубайы доц. док. Незахат Жейлан, башкы катчыбыздын жубайы Назмие Өзгүл, деканыбыздын жубайы жана факультет жетекчилиги, окутуучуларыбыз, студенттерибиз жана кээ бир окутуучуларыбыздын жубайлары катышты. Программада Куран окулуп, Куран үйрөнүүнүн пазилети тууралуу хадистер айтылды. Куранды түшүнүү, жашоого арналган кыргыз жана түрк ырлары окулуп, гимндер аткарылды. Бул программаны даярдоодо, сахнаны жасалгалоодо, тартуулоодо жана башка иш-чараларга катышууга 3-курстун окуучу кыздары да чоң салым кошушту. Программанын соңунда 1-курстун студент кыздарына программага келген окутуучу  айымдар таажы кийгизилип, программа жыйынтыкталды.