2022-04-15

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 2


2022-жылдын 4-апрелинде КТМУнун Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Тил кырсыктары” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Лектор окутуучу Миргүл Бекмурзаева чогулгандарга маселени кеңири түшүндүрүп берди. Баяндамадан кийин Бекмурзаева катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жүзгө жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.