2022-04-21

АТАЙЫН АЯЛДАР ҮЧҮН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: АКЫРЕТ


2022-жылдын 17-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында «Акыр заман» аттуу семинар болуп өттү.

Спикер факультетинин PhD докторанты Дилноза Рахматиллаева көрүүчүлөргө көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Рахматиллаева катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, элүүгө жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.