2019-12-12


Oкуу жылындагы милдеттүү окуу турларыбыз уланууда


Биздин бөлүмдүн бир өзгөчөлүгү болуп Кыргызстандын эл аралык туристтик рыногунда эң көп колдонулуучу туристтик маршруттар боюнча милдеттүү окуу турларын уюштуруу саналат. Мындай окуу турлары, Кыргызстандын туристтик рыногунда иштеген туристтик ишканалардын негизги талаптарынын бири болгондуктан жана ошондой эле бөлүмүбүздүн окуу программасындагы "Кыргызстандын туризм географиясы", "Туризмде гид кызматы", "Тоо шартындагы туризм", "Туроператорлук" сыяктуу айрым теориялык сабактардын практикалык жактан өздөштүрүлүшүнө олуттуу жардам бергендиктен, 2010-жылдан тартып регулярдуу түрдө уюштурулууда.

Быйыл бөлүмүбүздүн 2-курсунун студенттери 23-апрелден баштап 28-апрелге чейин ага окутуучу, фил. и.к. Уланбек Алимов агайыбыздын жетекчилиги алдында Жалал-Абад жана Ош областтарына, тагыраак айтканда Бишкек - Суусамыр - Токтогул - Каракөл - Аркыт (түнөө) - Сары-Челек - Таш-Көмүр - Арстанбап (түнөө) - Жалал-Абад - Өзгөн - Ош (түнөө 2 жолу) - Абшыр-Ата - Ош (түнөө) - Бишкек маршруту боюнча 6 күндүк окуу туруна барууга кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. (2017-2018)