2020-03-11


Бөлүмүбүздөн Ош мамлекеттик университетине онлайн лекция!


Ош мамлекеттик университетинин Ректорлугунун расмий жазуу аркылуу талабынын негизинде, бөлүм башчыбыз, доцент, экономика илимдеринин кандидаты Бакыт Турдумамбетов аталган окуу жайдын Табият таануу жана география факультетинин студенттери жана магистранттары үчүн “Дүйнөнүн жана Кыргызстандын туризм тармагындагы тенденциялар жана көйгөйлөр” аттуу темада 2020-жылдын 6-март күнү онлайн лекция өтүп берди. Сабакта дүйнөлүк туризм индустриясынын жаңы түрлөрү, заманбап туризмдин инфраструктуралык жана телекоммуникациялык маселелери, Кыргызстандын туризм тармагындагы көйгөйлөрү, туризмди өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттары ж.б. жөнүндө сөз болду.

  ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы, профессор Низамиев А.Г. лектордон Кыргыз-Түрк Манас университетинин чет өлкөлөргө туризм адистигинде окуган студенттерди практикага жөнөтүүдөгү тажрыйбасы туурасында ой бөлүшүүсүн өтүндү. Лекция суроо-жооптор, талкуулар менен коштолуп, жандуу өттү.

Бул онлайн лекция тууралуу кабар ОшМУнун расмий веб-сайтында да жарыяланган: https://iro.oshsu.kg/kg/news/553