2024-05-23

Bişkek Türk İlkokuluna Yüksekokulumuz tarafından hediyeler verildi (21.05.2024)


Кесиптик колледжибиздин “Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо” программасынын ага окутуучусу Мустафа Өжал өзүнүн студенттери жана кызматкерлери менен биргеликте ар түрдүү көргөзмө куралдарды жасашып Бишкек Түрк мектебине белекке беришти. Белектердин арасында түстүү кийизден жасалган сандар, тамгалар, күн желеси, куурчактар жана мектептин логосу көз жоосун алып кооз жасалды.

Келечектин жаш каармандарын жомок дүйнөсүнө эрчитип бара турган жана көӊүлдөрүн көтөргөн белектер үчүн окутуучубуз Мустафа Өжалга жанан анын командасына терӊ ыраазычылык айтабыз.