2020-03-31


Башкаруу кеңешинин окутуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечими


Башкаруу кеңешинин окутуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечими

Университетибизде окуу-тарбия иштери 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин убактылуу токтотулат. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңешинин окутуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечими:

2020-06.026-номерлүү чечим

     Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) алдын-алуу жана аткарыла турган иш-чаралар каралды

     - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин Аткаруу кеңешинин  чечимдерине ылайык, 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин окутуу процессин убактылуу токтотуу;

     - Ректор, Биринчи проректор, проректорлор, декандар, институттардын/ жогорку мектептердин мүдүрлөрү, бөлүм башчылар жана мүдүрлөрдөн сырткары жашы 60тан өткөн, кош бойлуу, ымыркай балдары бар, мүмкүнчүлүгү чектелүү кызматкерлерге, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган социалдык аялуу топторго (иммунитети начарлар, рак илдетине чалдыккандар, өнөкөт дем алуу органдарынын ооруларынан жабыр тарткандар, ашыкча салмактуулар, кант диабети менен ооругандар, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккендер, органдарын трансплантация кылгандар, өнөкөт оорулуулар) 2020-жылдын 16-мартынан тарта 12 (он эки) күнгө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алынды.