2020-04-14


SEO тууралуу онлайн семинары өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк Манас Университетинде, окутуу процесси менен бирге, илимий жана билим берүү семинарлар дагы онлайн платформалар аркылуу улантылууда. 

2020ж. 6 апрельде студенттер үчүн SEO (Search Engine Optimization) тууралуу онлайн семинарына катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Семинарда, Scrum master,  "Svetofor.info интернет дүкөнүнүн контент башкаруу бөлүмүнүн башчысы Фариза Чилмергенова, 

жана көптөгөн башка суроолорго токтолуп өттү. 

Учурда бөлүмдүн студенттер сабактардан аткарып жаткан долбоорлордун бир багыты -  веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, интернетке жайгаштыруу жана жайылтуу болгондуктан, бул түр семинарлар  студенттерибизди жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырат. Семинардын жыйынтыгында балдар кызыккан суроолорго жоопторун алып жаңы алган билимдерин практика түрүндө колдонууга аракеттерин көрсөтүштү.  Семинардын уюштуруучу – Чинара Жумабаева (т.и.к., Компьютер инженерия бөлүмүнүн ага октуучусу).

Фариза Чилмергеновага пайдалуу семинар үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз!!!