2020-03-24


MUZ-104 Müzik Teorisi II / Öğr. Gör. Karagul Tilençiev


  1-курстун  23-марттагы Музыканын теориясы сабагы боюнча темалар

                      Өзгөрүлмө өлчөмдөр (размерлер)

  Айрым музыкалык чыгармаларда тактылардагы метрдик тийинди саны ар түрдүү болгонун кездештиребиз, көбүнчө элдик ырларда байкалак болот.

   Эгерде туруктуу сандагы метрдин тийиндилери музыканын акырына чейин өзгөрүлбөсө- туруктуу метр демек, туруктуу өлчөм деп айтабыз.

  Эгерде музыкалык чыгармада тактыдагы тийиндилердин (долянын) саны ар түрдүү болсо-өзгөрүлмө өлчөм деп атайбыз.

  Өзгөрүлмө өлчөмдөр бир калыпта жана ар кандай калыпта пайдаланышы мүмкүн:

   (Мисалдар фортепианодо практика жүзүндө берилет)

 

  а) бир калыпта пайдаланган өзгөрүлмө өлчөмдөр ачкычтын жанында эки бөлчөктөр менен көрсөтүлөт.

   (Мисалдар фортепианодо практика жүзүндө берилет)

  б) бир калыпта пайдаланган өзгөрүлмө өлчөмдөр музыкалык чыгармада, өлчөм алмашуу кезинде, тактынын башында көрсөтүлөт. Бул өзгөрүлмө өлчөмдөрдүн түрү көбүрөөк кездешет.

   (Мисалдар фортепианодо практика жүзүндө берилет)

 

 

 

 

 

   1-курстун  30-марттагы Музыканын теориясы сабагы боюнча темалар

 

            Негизги жана шарттуу түрдөгү созулуштар

Жогорудагы айтылып өткөндөй, ритм-бул ырааттуулук менен ар кандай добуштардын созулушунун уюшканы. Ыргакта ар кандай созулуштун кезектешүүсүн көрсө болот. Негизги созулуштар бүтүн,жаоым,чейректик,сегиздик,он алтылык ж.б.-жуп санга бөлүнөт. Негизги созулуштан айырмаланган шарттуу: триоль,квтоль,секстоль,септоль,дуоль,квартоль ж.б.

  Триоль-экиге бөлүнө турган негизги созулуштун үчкө бөлүнүшү:

    (Мисалдар нота түрүндө берилет).

  Квитоль- төрткө бөлүнө турган негизги созулуштун бешке бөлүнүшү.

         (Мисалдар нота түрүндө берилет).

  Секстоль- төрткө бөлүнө турган негизги созулуштун алтыга бөлүнүшү.

         (Мисалдар нота түрүндө берилет).

Септоль- төрткө бөлүнө турган негизги созулуштун жетиге бөлүнүшү.

          (Мисалдар нота түрүндө берилет).

  Дуоль-үчкө бөлүнө турган чекити бар негизги нотанын созулушунун экиге бөлүнүшү:

          (Мисалдар нота түрүндө берилет).

  Квартоль-үчкө бөлүнө турган чекити бар негизги нотанын созулушунун төрткө бөлүнүшү:

           (Мисалдар нота түрүндө берилет).

   Эгерде созулуштардын тобунда бир окшош созулуштагы пауза болсо, ал дагы жалпы эсепке кирет

           (Мисалдар нота түрүндө берилет).

1-курстун  6-апрель Музыканын теориясы сабагы боюнча темалар

                 Вокалдык чыгармалардагы топтоштуруу

   Жогоруда айтылгандай топтоштуруу тактынын ичиндеги ритмикалык топтун созулуштарынын биригиши.

  Музыкада ыр же вокалдык чыгармаларда созулуш топтоштуруусу муундар менен байланышта болот. Ар бир муундагы сузулуш өзүнчө жазылат, жанадагы башка ноталар менен байланышпайт, эгерде бир муунга бир нече созулуштар келсе.анда бир кабырга менен байланып бир жазылат.

(Мисалдар нота түрүндө берилет)

                      

                                   Темаларга жалпы суроолор.

1.Топтоштуруу деген эмне?

2.Кандай татаал өлчөмдөр бар?

3.Татаал өлчөмдөрдү топтоштуруу?

4. Аралашкан метр  жана өлчөмдөр, кандай себептен чыгат?

5.Өзгөрүлмө өлчөмдөр деген эмне?

6.Квартоль жана квинтолдордун айырмалары?

7.Триоль,квинтоль.секстоль, септолдор кандай бөлүнөт жана негизги созулуштардагы созулушка кандай барабар болот?

                                         

 

                                              Ара сынак үчүн суроолор:

1.Топтоштуруу деген эмне?

2.Кандай татаал өлчөмдөр бар?

3.Татаал өлчөмдөрдү топтоштуруу?

4. Аралашкан метр  жана өлчөмдөр, кандай себептен чыгат?

5.Өзгөрүлмө өлчөмдөр деген эмне?

6.Квартоль жана квинтолдордун айырмалары?

7.Триоль,квинтоль.секстоль, септолдор кандай бөлүнөт жана негизги созулуштардагы созулушка кандай барабар болот?

8.Ритм деген эмне?

9.Метр деген эмне?

10 Такт деген эмне?

11.Бөлчөк түрүндөгү сандар эмнени түшүндүрөт?

12. Кандай тийиндилер бар?

13.Алгачкы тактылык сызыкча? Тактылык сызыкча деген эмне?

14.Кош сызык эмнени билдирет?

15.Реприза деген эмне жана кандай көрсөтүлөт?

16. Затакт деген эмне?

17.Өлчөмдүн сандары эмнени билдирет?

18.Акцент деген эмне?

19.Кандай өлчөмдөр бар?

20.Жөнөкөй жана татаал өлчөмдөрдүн айырмасы?

21.Кандай жөнөкөй өлчөм бар?