2020-03-24


EĞT-304 Alan Öğretim Yöntemleri / Doç. Rafael Sarlıkov


EĞT – 304
Сабак берүүнүн методикасы 3 курс. Р.Сарлыков

      Адам баласынын эволюциялык өсүү жолунда инсандын калыптануусуна искусствонун ролу активденип өсүп өнүгөт. Ошону менен катар алдынкы тажрийбалар, музыкалык тарбия берүүдөгү проблемалар активдүү боло баштайт.Профессионалдык билим алууга киришип жатып, эстрадалык ырчылар заманбап аткаруучулук методдорду, техникалык жаңылыктарды өздөштүрүп педагогикалык методдорду билиши керек. Жогорудагы методдордун маңызын ачуу, алардын көп түрдүүлүгүн көрсөтүп, болочок ырчы жана ыр мугалимине жол көрсөтүү.Бул метод өзүнүн гана тажрийбасына таянбастан, академикалык коллективдердин теориялык жана практикалык иштерине таянат. “Вокалдык ансамбль” музыкалык вуздар үчүн окуу – методикалык сабак катары заманбап эстрадалык вокалдык искусствону, дүйнөлүк музыкалык тарыхты өздөштүрүү үчүн окуу планына киргизилген. Составы боюнча ар кандай вокалдык ансамблдер, учурда музыкалык искусство жаатында популярдуу боло баштады. Чет элдик вокалдык ансамблдери “Manhattan Transfer”, “New York Voises”, “Take Six”, “Boys to man”, “Straight no chaser” жана башкалар болочок ырчыларга чоң кызыгууну жаратып келет.
   Бул сабактын негизин практикалык жана теориялык аныктамалар түзөт. Бардык ырчылардын бирдей иш аракети аркылуу вокалдык – техникалык, көркөмдүк маселелерди чечүү мумкунчулугу бар.
   Ырчы өзүн гана эмес жанындагы ырчыларды уга билүүсү, үндөрдүн башкалар менен үндөшүп, бийиктиги , динамикасы, тембри башка ырчылар менен муундарды бирге ырдоо сыяктуу методдорду өздөштүрүүсү керек.

   Методикалык жана ноталык адабияттын тартыштыгына байланыштуу классикалык музыкалык материалдарды колдонуу менен студенттердин профессионалдык өсүшүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Вокалдык ырдоо процессинде вокалдык ансамбль табигатынан жөндөмү азыраак ырчыларга да жакшы эффективдүү өсүү жолун камсыз кылат. Ачык тембрге ээ болбогон, диапозону чектелүү ырчылар ансамблде ырдоо менен практикалык окуу процессинде жетишкендиктерди жойуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
    “Вокалдык ансамбль” коллективдик ырдоо, ырчылар арасындагы чыгармачылык потенциалды өстүрүү менен бирге, коллективдик аткаруучулукчеберчиликке үйрөтөт.
Окуу программасынын ичинде “Вокалдык ансамбль” курстук предмет катары төмөнкүдөй специализацияны өтүш керек:
    “Эстрадалык – джаз ырдоо (вокалистер).
    “Эстрадалык оркестрдеги аспаптар (аспапта ойноо).
     Вокалдык ансамбль классындагы иште эстрадалык ырдоо (жекече), Сольфеджио, Гармония, музыкалык адабият сабактары менен байланыш жана бирин бири толуктоо сыяктуу биргелешкен билим талап кылынат.
     Коллективдик аткаруучулукта да ар бир ырчы ансамблдин составында өз алдынча ички сезимин бере алышы керек.
     Сабактын талабы – ансамблдик ырдоого практика жүзүндө ишке ашыруусу, вокалдык композиция менен өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгү.
     Сабакты өтүү формасы – Топ менен иштөө. Студенттин музыкант катары калыптанышы үчүн алды менен репертуар тандоо анын үстүнөн иштөө болуп саналат. Окуу процессинде студент – эстрадник, бардык ансамблдик аткаруучулук стилдерди өздөштүрүп чыгуусу керек.
     “Вокалдык ансамбль” сабагын жакшы өздөштүрүш үчүн жекече ырдоо, сольфеджио, гармония сабактарын жакшы өздөштүрүп, гармониялык угуу сезими өркүндөтулгөн, фортепианолук аккомпониментти уга билген даярдыгы керек.
     Окуучу кыздардын жана эркектердин үндөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана музыкалык чыгармадагы алардын чогуу ырдоодогу кошундусунун бири бирине ундошкон  оптималдуу вариантын тандай билүүсү зарыл.
     Тесситуранын өзгөчөлүктөрүн, вокалдык ансамбльдагы үндөрдүн диапозонун кылдат изилдөөсү керек.
     Музыкалык композициянын, тональностун, үндөрдү бөлүштүрүүдө жаңылыштык кетирбөө сыяктуу өтө принципиалдуу талаптар бар.
     Бул өтө принципиалдуу талаптар педагогикадагы Ыраттуулук деген эрежелер “ирети” менен колдонулуусу өтө маанилүү. Талап кыйшайуусуз аткарылышы керек.
     Алгачкы окуу процессинде жеңилиреек дуэт, триолорду ырдап, кийин татаалыраак ансамблдик чыгармаларга өтүш керек.
     Окуунун башында  вокалдык көнүгүүлөрдү – унисон,интервал, синкопалык көнүгүү, гамма арпеджиолорду ар кандай ыргакта ырдатыш керек.
     Бул этапта мугалим “аспаптык” үндү, башкача айтканда вибрациясы жок ырдатып туруктуу, интонациялык таза үндү иштеп чыгууга аракет кылуусу керек.


                     Студенттерге берилүүчү үй тапшырмалары:

1.  Методикалык комплекс 

 

- вокалдык ансамблде ырдоо         окутуусундагы методдордун ыкмалардын биргелешкен формасы.

2. Музыкалык палитра

- аткаруучунун музыкадагы колдонуучу каражаттардын бирикмеси.

3. Репертуар

- аткаруучунун концертке даяр чыгармалары.

4. Гармониялык угуу сезими

- 2,3 же андан көбүрөөк үндөрдүн бир учурдагы жаңырылышында ориентир ала билүүсу.

5. Цифровка

- чыгарманын гармониясын тамгалар аркылуу белгилөө.

6. Тесситура

- обондун диапозону, конкретүү үн боюнча өтө төмөнкү жана бийик учурун эске албаганда.

7. Диапозон

- үндүн өтө төмөнкү жана бийик аралыгы.

8. Партитура

- ансамбль, хор, оркестрлик музыканын нотага түшүрүлгөн варианты.

9. Партестик ырдоо

- көп үндүү хордук музыканы ырдоо стили. Негизги үндөр: сопрано, альт, тенор, бас.

10. Партия

 

                                                        

- көп үндүү вокалдык же инструменталдык чыгармада өз алдынча үн же инструменттин чыгарманын ичиндеги партиясы.

 

 

                  Вокалдык ансамблди аныктоочу критерийлер.

Эстрадалык вокал ансамблинин окуу процессине киришип жатып алды менен конкреттүү музыкалык түшүнүгүн аныктап алышыбыз керек.
      Ансамбль – бул француз термининен алынып биргелешкен чогуу ырдоо же ойноо, башкача айтканда ырааттуулукту билгизет. Аткаруучулардын биргелешкен гармониялык коллективдүү иштелиши – ансамбль деп аталат. Вокалдык ансамбль ырчылардын группалык аткаруусу төмөндөгүдөй критерийлерге баш ийет:

1. Интонациянын тазалыгы

- үндүн бийиктиги же жапыздыгындагы анын мүнөзү. Вокалдык ансамблдеги Унисон же аккорд ырдаганда таза, кооз чыгышы. Ар бир нотанын туура ырдалышы.

 

2. Тембралдык бирдей боёк

 

- Үндөр төмөндөгүдөй касиеттерге ээ: ачык, күңүрт, жарык, жылуу, муздак, жумшак, катуу, ширелүү, ушулардын баары – тембр.

 

3. Бирдей артикуляция

 

- Артикуляция – сүйлөө органдарынын иштеши. Сүйлөө жана ырдоодо колдонулган артикуляция вокалдык ансамблде чоң роль ойнойт. Бул болсо артикуляция жарата турган органдын системасы.

-  үн складкалары, тил, эриндер, жумшак таңдай, төмөнкү ээк, (активдүү орган) тиш, катуу таңдай, жогорку жаак (пассивдүү орган).

Музыкалык аткаруучулукта артикуляциянын иштешине чоң көңүл буруп, атайын көнүгүүлөр менен дайыма машыгып туруу керек.

 

4. Бирдей тактык

 

- текстин айтылышы вокалдык илимде дикция деп аталат. Дикциянын тактыгы аркылуу айтылган сөздүн мааниси – маңызы ачылат. Кабыл алууга жеңил шарт түзүлүп, чыгарманын эстетикалык палитрасы ачылат.

 

5. Ыргактын бирдиги

 

- музыкалык чыгарманын бирдей темпте аткарылышы. Метрикалык бөлүнүштөрдүн убакытка карата кезектешкен бөлүктөрү. Берилген темптен четтөө – музыкалык образдын бузулушуна алып келет.

 

6. Бирдей динамика

 

- үндүн ар кайсы даражадагы күчү. Катуу – акырын. Музыканын мүнөзүнө жараша жана интерпретаторлук өзгөчөлүктөргө карата динамика да өзгөрүшү мүмкүн.

 

 

 7. Жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерсиз бийик профессионалдык деңгеелге жетиш мүмкүн эмес. Ошондуктан ритм бул классификацияда негизги бөлүк болуп саналат.  Демек үндөрдүн туура топтолушу негизги критерийге кирет”.

8. Көркөм образды бирдей  тактыкта берүү

- бул критерий – татаал түшүнүктү жаратат. Буга чейинки критерийлер өз алдынча көркөм чыгарманы жарата албайт. Шыктануу  бул акылэстин, эрктин, элестетүү жөндөмдүулүгүн, фантазия аркылуу бир багытты көздөгөн учурда чыгармачылык өз максатына  жакындайт. “[1]Бийик профессионалдык деңгеелге жеткен артистер образга сүңгүп кирип чыгарманын ажарын ачышат.”

 

Бул туурасында Паганини мындай жазган: “Башкалар сезиш үчүн аткаруучуалардан да катуу сезиш керек”[2].

Образга кирүү аркылуу эстетикалык – эмоциялык таасирди күчөтүү менен угуучуларды өзүнө тартып, чыгарманын маани – маңызына жетелейт. Көркөмдүк образ – бул жалпы негизги категория болуп чыгарманы жаратуудагы эстетикалык каражат катары чыгармачылыктын негизин түзөт. Булар: Үн, Гармония, Ритм, Тембр жана башкалар

Чыгарманын үстүнөн иштөө.

 Чыгарма менен танышуу

1) Эгер чыгарма нотага жазылган гана болсо, аны фортепианодо ойноп, жетекчи теманы көрсөтөт. Андан соң вокалдык үндөрдү изилдейт.

2) Эгер чыгарма плюс түрүндө жазылган болсо даяр чыгарманын бүткөн вариантын толук угузуп, түшүндүрүү ишине киришет.

3) Чыгарманы угузуп, кызыктыруучу жактарын информация катары айтып берүүсү керек. Булар чыгарманын жаралыш тарыхы, кызыктуу фактылар болсо айтып берүүсү шарт.

Мисалы дүйнөгө белгилүү хит “Бэссамэ мучо” ырын ырдоо алдында анын жаралыш тарыхын айтыш керек. Мексикалык 14 жаштагы КонсуэллаВеласкес 1944 жылы ушул ырды жараткан. Достору менен туугандары өтө жылуу кабыл алышып, кийинчереек бүт дүйнөгө тарап дүйнөлүк хитке айланат.
    Веласкестин чоң үй-бүлөсү азыр да дүйнө боюнча аткарылып келе жаткан ырдын гонорарына жашап келе жатышкандарын автордук укук боюнча мыйзамдын эң бийик үлгүсү катары карасак болот.

 Чыгарманы жаттоо.

1) Чыгарманы жаттоо алдында окуучулардын көңүлүн чыгарманын жалпы аспектине буруш керек. Композицияны анализдөө, нюанстык, динамикалык, вокалдык артикуляциялык текстин поэтикалык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, аткаруучулук стилин аныктоо зарыл.
     2) Чыгарманын үстүнөн иштөөдө жалпыга белгилүү болгон принциптерден баш тарткандыгы менен Р.Сарлыковдун методикасы белгилүү кызыгууну туудурат. Биринчиден – ансамблдин бардык катышуучулары чыгарманын негизги темасын жаттап чыгышат.
    Экинчиден бүт ансамбль бардык партияларды тесситурасына карабай жатташат. Эң негизи студент партияларды билип жана ал партиялар анын ички сезиминде ырдалып турушу керек.
     Ушундан кийин гана мугалим партиялар менен иштөөгө киришет. Сопрано, альт, тенор, бас үндөрү өз партияларын ырдоого аттанышат. Мындай метод өтө эфективдүү экенин көп жылдык чыгармачылык изденүүдөн кийин ушундай жыйынтыкка келгенин айтат.
     Негизги тема менен катар кошуна партияларды билүү аркылуу студент өз партиясын туруктуу так кармап туруусуна мүмкүнчүлүк болот.
     Иш жүзүндө ырдоо процесси төмөнкүдөй фразалар менен өтөт.
     Фортепианонун коштоосунда биринчи фраза анан экинчи фраза жатталат. Андан кийин үчүнчү фраза жатталып биринчи экинчи фразалар менен байланыштырылат. Ошону менен бардык фразалар биригип бүтүндөй ырдын материалы даяр болот.
      Экинчи этапта негизги тема фортепианонун коштоосунда, андан кийин ырдоо гармониялык коштоо аркылуу акырында акапелла.  Ушул эле жол менен чыгарманын башка подголоскалары иштелип чыгат.
      Үчүнчү этапта бардык үндөрдүн жогоруда айтылган талаптары боюнча чогуу ырдалышы керек.
      Үндүн тазалыгы, тембр, артикуляция, дикция, темп, ритм динамика, көркөм образ сыяктуу критерийлердин бардыгын сактоо талабы турат.

  Вокализ – тексти жок музыкалык чыгарма.
 
Вокалдык – техникалык үйрөнүу, такшалуу үчүн жазылат. Айрым учурларда концерттик номер катары да аткарылат. Окуу процессинде колдонулчу вокализдер көнүгүүлөрдөн чыгармага өтө турган көпүрө катары чоң мааниге ээ.
   “Сөзү жок чыгармада музыкалык материалга өзгөчө көңүл бурулуп, студенттин алдындагы тапшырмага ылайык вокализдерди тандоо керек.
   
Вокализдер үндүү тыбыштар аркылуу ырдалат. “А” тыбышы тоголок табигаты менен үлгү катары алынып, бөлөк үндүү тыбыштар менен бирдикте “Ми”,”Мэ”,”Ма”,”Му”,”Ди”,”Да”,”До” жана башкалар.
     Вокализдердин белгилүү авторлору: Абт,Панофки Г., Зейдлер В.,Вакаи Н. жана башкалар.
     Классикалык авторлордун вокализдерин ырдоо эстрадалык ырчылардын такшалуу процессиндеги сөзсүз аткарыла турган талап. Ошондуктан биринчи төрт жыл окуу процессинде вокализдер ырдалышы керек.
      Практика көрсөткөндөй бизге музыкалык даярдыгы жок балдардын келишине байланыштуу вокализдерди алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша тональностун өзгөртүүгө туура келет. Мунсуз даярдыгы жок ырчылардын үнүн бузуп алуу коркунучу бар.
      Мугалимдик практикада көп байкалып келген өтө актуалдуу учур -алардын нотага байланып чыгармачылык, сын көз карашта болбой, студенттерди бийик тональносто кыйналган учурлары көп кездешет.
      Ырдоого жаңы аттанып жаткан студенттердин үнүнө зыян гана алып келбестен психологиялык чоң кыйынчылыктарга кептейт.
      Баштапкы үн койуу сабактарын албаган окуучу өтө бийик ноталардан коркуу сезими пайда болуп, үндүн ыңгайсыз чыгышы, кыйналышы биротоло жалкытып салат. Ушундай эле тенденция репертуарды тандоодо да көп кездешет.
      Профессор Дмитриев өзүнүн “Основы вокальной методики” деген китебинде өз каалоолорун, “Колдон келсе”, деген сыяктуу өтө жумшак каалоолор аркылуу түшүндүргөнгө аракет кылат.
      Биз болсо репертуар, тонду, вокализдерди тандоодо принципиалдуу катуу принциптерде турууну туура көрөбүз.
      Профессионалдык Европа тибиндеги үндү тарбиялоодо, улуттук тыбыштардын айтылыш өзгөчөлүктөрүн эске алышыбыз керек. “К”, “Г”, “Ң”, “Ө”, “Ы” тыбыштары.  Мындан сырткары тамакка салып ырдоо манерасынан да арылтуу керек.
      Үн койууда туура иштеген ырчылар кайсы татаал тыбыштар болбосун аны ачык, жакын, өз табигатына жараша туура, оңтойлуу кулакка жагымдуу  абалда ырдай алышат.
      Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова, Артык Мырзабаевдер буга толугу менен жооп бере турган аткаруучулар.
      Николо Вакаинин интервалдык вокализдери: Гаммалар, Терциялар,Кварта, Секста, Септима, Октава жана жарым тондор студенттерди өсүү жолуна салат.
      Тапшырмалар:

 

     Мугалимдик иште мелодияны так жатка жаттоо, ритмикалык, динамикалык учурларын дайым сактап көндүрүү талапка ылайык болот.
     Бул методикадагы өзгөчөлүктөр менен өзүнө тарткан, кызыктырган айрым пунктарга токтоло кетейин:
    Өз тажрыйбасына таянуу менен интернет булагынан баш тартуу. Хрестоматиялык адабияттарга таянуу.
    Көп үндүү ырдоодогу ар бир ырчы бардык партияларды жаттап чыгып, кийин ар ким өз партиясына отурганы өзгөчө ийгилик алып келүүчү метод.
    Ритмикалык угуу сезимин өркүндөтүү боюнча кол чаап, синкопировалык, ритмикалык учурларды башкача бир жеткиликтүү жөнөкөй жол менен түшүндүрүп, практика жүзүндө ишке ашыруу.
     Николо Вакаинин интервалдык вокализдерин кеңири колдонуунун натыйжасында, музыкалык угуу сезимибиздин курчушун байкадык. Алар төмөндөгүдөй параметрлер менен өсүшкө ээ болот:

Мелодиялык угуу сезими

Гармониялык угуу сезими

Интервалды угуу жана ырдоо

Ритмикалык угуу сезими

Динамикалык жана образдык угуу

    Сальфеджио менен ырдоодон баш тартып, окуунун башында үндүү тыбыштар менен үнсүз тыбыштар ортосундагы байланышты туура көрсөтүү.
    Сейрек колдонулуучу фонопедиялык көнүгүүлөр дикцияны өстүрүүгө, муундардын айкалышына көңүл буруу.
    Академиялык аваздык-аспаптык жана эстрадалык-джаздык мектептин гармониялык байланышын аныктап, ар биринин касиетин ачып берүү.

 

Колдонулган адабияттар:

  1. Кочнева И., Яковлева А. – Вокальный словарь,Ленинград,1986г
  2. Серов А Музыкальная наука. М.,Музыка ,1985г.
  3. Советский энциклопедический словарь - М. «Сов.энциклопедия», 1985г.
  4. Калугина Н. – «Методика работы с русским народным хором», издательство «Музыка» , 1977г