2020-03-24


MUZ-418 Müzikal / Okutman Ayşa Saralayeva


Сабак №8: “Совет доорундагы опереттанын өрнөгү И. Дунаевский “ Вольный ветер”.

1917 –ж. ( революцияга чейинки) орус оперетта театрынын өзүнүн репертуары жок эле. Биринчи спектакли 1868-ж. коюлган.  Совет доорундагы оперетта 1920-ж. коюлду. Оперетта жанрында иштеген композиторлор: И.О.Дунаевский; Н.М.Стрельников; Б.А.Александров; Ю.С.Милютин; В.П.Соловьев-Седой; О.Б.Фельцман;Т.Н.Хренников; ж.б. Оперетта жанрына совет доорунун атактуу композиторлору да кайрылган. Алардын ичинен: Д.Д.Шостакович; Д.Б.Кабалевский; Г.В.Свиридов.

      Совет доорундагы оперетталар оперетта театрларда да, драма театрларында да коюлган болчу.

     Дунаевский Исаак Осипович (1900-1955-ж.ж)  Массалык ырдын залкар устасы. 1930-50-ж.ж. совет композиторлордун ичинен өтө популярдуу болгон. Көптөгөн кинофильмдерге музыка жазган.

     “ Вольный ветер” опереттасы 1947-ж. коюлган. Опереттанын сюжети карапайым элдин боштондукка чыкканы жөнүндө. Көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, аягында умтулган максатына жетип жеңет.

       Опереттанын музыкасы абдан жагымдуу болгондугу үчүн элдин сүйүктүү чыгармалардын бири болуп калган.

        Иллюстрация катары И.Дунаевскийдин кээ бир ырларын жана “Вольный ветер” аттуу опереттасын угуу.

      Суроолор:

  1. Орус опереттасынын кыскача тарыхы.
  2. 2. Исаак Дунаевскийдин чыгармачылыгын анализдөөы  .
  3. “Вольный ветер” опереттасы.

Сабак №9. “ Кыргыз музыкалык комедия “Алтын кыз””.

1937-ж. май айында алгачкы “Алтын кыз” аттуу кырыз музыкалык комедия сахнада коюлган. Авторлор Власов, Фере. Либреттону жазган Ж.Бөкөнбаев. Чыгарманын сюжети совет өкмөтү жаңыдан курулушу, басмачылар менен болгон согушту, жаңыдан уюшулган колхоздоштуруу курулушундагы кыйынчылыктарды сүрөттөйт. Чыгармада жеке ырлар, хорлор, бийлер жана монологдор бар. Музыкалык материал көбүнчө кыргыздын нукура ырларынан, обондорунан алынган.Оркестровкасы болсо өтө жөнөкөй, даярдыгы жок угуучуларга арналган.

       Бул чыгармада угуучулар алгачкы жолу профессионалдуу музыка менен таанышат: оркестрдин угулушу, хор, вокалдык ансамбль ж.б.

      Музыкалык Драманы угуучулар абдан жылуу кабыл алышкан. Биринчи сезондо 50 жолу сахнага коюлган.

Иллюстрация катары “Алтын кыз” музыкалык драманы угуу Кыргыз радиосундагы архивдик аудио жазуу

 

         ҮЙ ТАПШЫРМАЛАРЫ:

  1. “Алтын кыз” музыкалык драманын авторлору тууралуу кенири маалымат.
  2. Музыкалык драманын либреттосу тууралу сөз.
  3. “Алтын кыз” музыкалык драмасынын кыргыз профессионал музыкасына тийгизген таасири.

                            

 

Сабак №10. Н.Давлесов “Аста секин колукту” опереттасы.

Давлесов Насыр Давлесович (1929-2002-ж.ж.)- дирижер, композитор, музыкалык ишмер. 1974-ж. Кыргыз Республикасынын эл артисти. 1956-ж. Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру, 1961-ж. Опера жана балет театринин башкы дирижеру.

     1926-ж. Кыргыз Республикасы автономияга ээ болду. 10 жылдан кийин Киргизская ССР болду. Мындан кийин театр искусствосунун калыптануусуна жол ачылып, көптөгөн жаңы чыгармалар жарала баштады. 1926-ж. ноябрь айында Пишпекте Улуттук студия ачылды. Жаңы жаш таланттуу ырчылар чыга баштады. Алардын ичинен: Сайра Кийизбаева, Абдылас Малдыбаев, Анвар Куттубаева, Ашыралы Боталиев.

    1936-жылдан баштап  кыргыз көркөм өнөрчулүгү үчүн кенири жол ачыла баштайт . Бул убакта музыка драма театры, филармония, эл аспаптар оркестри, композиторлор союзу уюму ачылган.

1972-ж. Н.Давлесовдун “Аста секин колукту” аттуу комедия операсы коюлган.

Каармандары: Сапарбай, Зияда, Маркабай (молдо), Барсаана (жубайы), Саламат, Гүлмира (студентка).

Сюжети атеизм жана молдолордун айтылган сөз жана кылган иш арасында келишпегендикти сатира түрүндө критикалайт.

      Сүйүү темасы, жаштардын проблемалары, студенттик турмушу,  айыл жана шаар турмушунун айырмачылыгы даана сүрөттөлгөн.

Жанры – комикалык оперетта. Речитатив, кара сөз, дуэт, ырларды, ариозо,бийлерди ичине катыйт.

Экинчи актта Зияда менен Сапарбайдын  тамашалуу дуэти бар. Айылдын жана шаардык турмушунун айырмасы, шаардагы бекерпос терс образын сүрөттөйт. Оперетта азыркы кезде дагы коюлуп актуалдуулугун жоготкон жок.

Иллюстрация катары “Аста секин колукту” опереттасынан үзүндүлөр. 1995 жылы жазылган видио фильм.

Үй тапшырмалары:

  1.Н.Давлесовдун биографиясы, чыгармачылыгы.

  2.“Аста секин колукту” опереттасы жөнүндө .Сюжеттик драматургиялык өзгөчөлүктөрү.

  3.Опереттанын жанр катары түзүлүш эрежелери.

 

 

 

                      Колдонуучу адабияттар:

1.ЮдахинК.К   Киргизская народная музыка,-ф,1958ж

2.Б.Алагушев Кыгыз музыкалык маданияты совет доорунда ф, 1985ж