2020-03-26


MUZ-212 Dünya Müzik Tarihi II / Doç. Rafael Sarlıkov


Müz-212 Дүйнө музыка тарыхы II Р.Сарлыков

Музыка бөлүмүнүн II курсунда дүйнө музыка тарыхы боюнча жазгы семестрде орус элинин музыкасынын тарыхы окулат.

Байыркы орустардын музыкалык маданияты.

Бул окуу куралындагы “Орус музыкасынын тарыхы” курсу Х кылымдын башындагы байыркы Русьтан, 1917-жылга чейинки Россия империясын камтыйт.

Россия империясынын музыкалык маданиятынын өнүгүшүнүн тарыхы тээ байыркы булактардын башатынан, көптөгөн элдердин маданиятын, ар түрдүү салттарын өзүнө камтыйт. Россиянын маданияты жана искусствосу көптөгөн тарыхый, географиялык абал менен шартталган, көп улуттардын биргелешип ширелишкен, көптөгөн көркөм элдик салттарынын биригишинен түзүлгөн.

Орус музыкалык маданиятынын тарыхын мезгил-мезгилге бөлүштүргөндө, жалпы тарыхы: байыркы, петровко чейинки Русь, ал өзү Киевдик (Х-ХII к.), Новгороддук жана Москвалык (ХIV-XVII к.) мезгил болуп бөлүнгөн.

         Байыркы Русьтун музыкалык маданиятынын тарыхы үчкө бөлөбүз. Алардын биринчиси: элдик музыкалык чыгармачылык болуп, ал мезгилдеги жергиликтүү элдер менен байланыштуу; экинчиси уламыштагы салттар, тамыры тереңге кеткен байыркы желдеттер, андан кийинкиге профессионал чиркөө ырларынын тскусствосу кирет.

XVIIIкылым тарыхта өзгөчөлөнүп турат. Экономикада, саясатта жана маданиятта европалык багыттагы Россиянын турмушу байкалат.

         60-жылдар Россиянын тарыхында саясий окуялар менен белгиленет, анда бурулуш мезгилге алып келген “Крепостнойлук укук” тарыхта орун алган. Бул окуялар улуттук аң сезимди күчөтүп өзгөчө адабиятта жана искусстводо өнүгүү тенденцияларында көрүнгөн, өзгөчө 60-жылдарда “Күчтүү топтун” салттарынын түзүлүшүнө алып келген. Ал көп жагынан орус музыкалык маданиятынын жүзүн аныктаганы белгилүү.

XIX кылымдын аягы ХХ кылымдын башы өзүнчө дагы майда мезгилдерге бөлүнөт. Бул учурда композиторлордун мууну, тез-тез өзгөрүп: П.И. Чайковский, А.К. Глазунов, С.И. Танеев, С.В.Рахманинов, А.Н. Скрябин, И.Ф. Стравинский, Н.К. Метнер бири-бирин толуктап, орус композиторлорунун салттарын өнүктүрүүдө жана сактоодо негизги кыймылдаткыч болгон.

Орус классикалык музыкасы октябрь доорунда улуу көркөм чыгармачыл баалулуукту көрсөткөн.

 Ошол учурдун жергиликтүү композиторлорунун чыгармаларында көбүнчө мекен, элге болгон сүйүү темалары иштелген.

 Орус музыкасынын өнүгүүсү орус адабияты менен тыгыз байланышта болгон. Мисалы Пушкин. Анын аты менен орус музыкасындагы көптөгөн жетишкендиктер байланышкан. Андан тышкары Гоголь, Лермонтов, Некрасов сыяктуу акын-жазуучуларды айтсак болот.

       Орус композиторлору тарыхый белгиленген музыкалык жанрларга терең мазмун, маани кошуп,  чоң салым жасашкан. Бул жанрларды жаңы образдар менен байытышып, дүйнөгө белгилүү боло элек жаңы жанрларды түзүшкөн. М: Глинка, Бородин, Римский Корсаковдун эпикалык опералары, Мусоргскийдин элдик музыкалык драмалары, Чайковскийдин лирика-психологиялык опералык чыгармалары.

       Орус композиторлорнунун чыгармаларында көбүнчө элдик темалар менен бирге боордош славян элдери жөнүндө жазылган.

       Орус музыканттары батыш-славяндарга, поляктарга, чехтерге өзгөчө маани беришкен.

       Глинканын жолун улоочу композиторлор испан элдик темаларды дагы чыгармаларды жазышып жана француз, венгер жана башка улуттардын темаларын дагы кошо жазышкан. Бул учурда биз орус музыкасында улут чектөөчү жок экенин көрө алабыз.

       Орус музыкасы коңшулаш жашаган элдердин, Советтер союзундагы улуттардын музыкасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошо алган.

       ХIX кылымдын ортосунда ХХ кылымдын башында орус музыкасы батыш өлкөлөрүнө жайыла баштаган.

       Француз музыка ишмери Бурто-Дюкурде: “Орустар бизге башка, жаңы жол көрсөтүштү, алар элди карап, жаңы башталгыч алып чыгышты, Орус музыкасын үйрөнгүлө, ал силерге пайдалуу болот”- деп айткан.

       Улуу Октябрь революциясы орус музыкасы башка өлкөлөрдүн музыкасы, ал эле эмес бүтүндөй адам баласынын тарыхында жаңы ачылыштарды кылган.

       Ошол учурда орус классикалык музыкасында нукталар өзгөргөн. Ал социализмдин жаңы идеялары жана коммунизмге өтүү доорун татыктуу көрсөтүп, чыгармаларында чагылдырып бере алышкан.

        Октябрь революцияасына чейинки музыка опера театрларында концерттердин репертуарынын негизин түзүп кала берген.

        Батыш өлкөлөрүнүн музыкасында дагы Орус классикалык музыкасы көрүнүктүү орунду ээлейт.

        Орус музыкасы азыркы күнгө чейин орус элинин сыймыгы, дүйнөлүк көркөм маданияттын байлыгы болуп келе берет.

        Миллениюмда 3 орунду ээлеген Чайковский XIXкылымда орус музыкасын бийик деңгээлге чыгышына себеп болгон.

Орус музыкасынын башаты чыгыш-славян урууларынын маданиятына жана турмуш-тиричилигине барып такалат. Христиан динин кабыл алгандан кийин бир нече кылым бою бир үндүү чиркөө ыры өнүгүп, 17–18-кылымдарда көп үндүү партесттүү ырдоо жана кант, псалма таралган. 18-кылымда профессионал музыкалык искусствосунун театр, камералык жана симфониялык концерт өңдүү жаны формалары кирген. 19-кылымда орус классикалык музыкасынын негиздөөчүсү М. И. Глинка, сьюреализминин өкүлү A. С. Даргомыжскийдин чыгармачылыгы менен орус музыкасы ийгиликтүү өнүккөн. А. Г. Рубинштейн негиздеген орус музыкалык коому (1859) көптөгөн угуучулардын көңүлүн олуттуу музыкага буруп, Петербургда (1862) жана Москвада профессионал музыкалык кадрлардын өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Сынчы, композитор A. Н. Серов жана 60-жылдардагы композиторлордун «Кубаттуу топ» уюму музыкалык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн. 30–40-жылдарда М. И. Глинканын чыгармачылыгы классикалык орус музыкасынын гүлдөшүнө жол ачып, орус музыкалык мектеби европалык улуттук музыка мектептеринин эң алдынкыларынын катарына кошулган. Анын «Иван Сусанин» (1836), «Руслан жана Людмила» (1842) ж. б. опералары орус музыкасына жаны из салган. Анын «Камаринская» (1848), «Испан увертюралары», «Арагон хотасы» (1845) жана «Мадриддеги түн» (1851) ж. б. оркестрдик чыгармалары орустун улуттук симфонизминин негизи болуп калды. Орус жана дүйнөлүк музыкада реализмдин эң жогорку чеги – П. И. Чайковскийдин чыгармачылыгы. 19–20-кылымдарда С. Танеев, А. Глазунов, А. Лядов, В. Калинников ж. б. классикалык орус музыкасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүшсө, Октябрь социалисттик революциясынан кийин орус музыкасынын өнүгүшүндө жаны этап башталган. Советтик композиторлор: А. Александров, М. Блантер, А. Давиденко, И. Дунаевский, В. Захаров, Э. Колмановский, Б. Мокроусов, В. Мурадели, А. Новиков, А. Островский, А. Пахмутова, А. Петров, В. Соловьёв-Седой, С. Туликов, М. Фрадкин, Я. Френкель, Т. Хренников, А. Эшпай ж. б. жемиштүү эмгектенишкен. Камералык, вокалдык жана аспаптык музыканы өнүктүрүүдө A. Н. Александров, Н. Мясковский, С. Прокофъев, Г. Свиридов, Ю. Шапорин, В. Шебалин, Д. Шостакович ж. б. салымы зор. Симфониялык музыкага 20-кылымдын аягында Э. В. Денисов, С. А. Губайдулина, Р. К. Щедрин, A. Г. Шнитке ж. б. чыгармалары менен Россиянын музыкалык маданиятына чоң салым кошкон. 1970-жылдардан эстрадада белгилүү ырчылар А. Б. Пугачева, М. М. Магомаев, С. М. Ротару, Э. С. Пьеха, И. Д. Кобзон, В. Я. Леонтьев, Л. В. Лещенко, B. В. Толкунова ж. б. ийгиликтүү иштешти. Кийин Ф. Б. Киркоров, Л. С. Вайкуле, Д. Н. Билан ж. б. өз орду бар. «Машина времени», «Аквариум», «Кино», «Алиса», «Агата Кристи», «ДДТ» ж. б. топторунун Россиянын заманбап маданиятынын өнүгүшүнө салымы чоң.

Үй тапшырмалары:

1. Байыркы Русьтун музыкалык маданияты.

2. Россия империясынын музыкалык маданиятындагы улуу композиторлор.

3. 19-20 кылымдагы орус композиторлору.

4. 19-чу кылымдагы Россиядагы композиторлор мектеби.

5. Орус музыкасынын классикалык мезгилинин башталышы. 

Колдонулган адабияттар:

1. В.Ю.Келдыш История русской музыки.  М;муз,1954.

2. М.А.Камиссарская Русская музыка 19-го века. М;из-во знание,1974.

3. Г.Г.Соболева Русский романс. М;знание,1980.