2020-03-30
Винсент Виллем Ван Гог Vincent Willem van Gogh, 1853-жылдын 30-мартында, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт, Нидерланддар төрөлгөн - 1890-жылдын 29-июлунда, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз, Франция көз жумган - бүткүл дүйнөгө атагы чыккан нидерланддык сүрөтчү.
Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881-1885-жылдары Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында «Дыйкан аял», (1885) «Картошка жеп жаткандар», (1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психологиялык образдарды түзгөн.
1886-88-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде «Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү жараткан.
1880-жылдар Baн Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) жана башка көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Baн Гогдун чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана 19-кылымдагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдин кризиси даана байкалат.
«Жылдыздуу тун» атуу сүрөт 1889-1890-жылдардын май айында Сен-Поль-де-Мозоль орууканада жүргөнда Ван Гог менен жаратылган. Сүрөтчүнүн жакшы болгондо гана сүрөттөрдү жазганы уруксат берилген. Кичүү байкесинин суранышы боюнча Ван Гогко сүрөт туртууга көркөм өнөрканасы берилген. Ван Гог орууканада көбүнчө убактысын, оорукананын бакчасындагы гүлдөрдү жана жаратылышты тартуу менен өткөргөн.
«Жылдыздуу түн» бул нидерланддын постимпресионист сүрөтчүсү Винсент Ван Гогдун белгилүү чыгармаларынын бири. Бул чыгырмада Ван Гогтун Сен-Реми-де-Прованста жайгашкан уктоо бөлүмүнүн чыгыш терезесинен көрүнгөн кыйалындагы ай жана танкы асман көрсөтүлгөн. Бул живопистик чыгарма 1889-жылы июнь айында тартылган, 1941_жылдан тартып ал Нью-Йорктогу жайгашкан заманбап искусство Музейинде сакталат.
1889-жылдын май айынан тартып 1890-жылдын май айына чейин Ван Гог Сен-Поль-де-Мозоль орууканада болгондо, Гоген менен чатакташкан соң сол кулагынын жарымынан ажыраган. Ушул окуядан кийин ал сүрөт тартууну уланткан жана бир нече белгилүү чыгармаларды жараткан. Алардын ичинде «Иристтер», «Жылдыздуу түн» жана «Көк түстүү костюмчан автопортрет». «Жылдуздуу тун» оорукананын студиясында бир күндо май боёк менен тартылган. Бул сүрөттөгү көрүнүш жөнүндө Ван Гог бир тууган иниси Теого 1889-жылдын май айында төмөнкүнү жазат: “Мен терезеден темир решётка аркылуу королгон буудай талааны кором. Ал талаанын устунон таңатканда күн чыгат”.
Ушул көрүнүш менен күндүн жана аба ырайынын ар кандай абалында Ван Гог бир нече сүрөттөрдү тарткан. Сүрөтчүгө уктоо бөлүмүндө иштөөгө тыйуу салынган үчүн, Ван Гог сыйа жана күйгүзүлгөн жыгач калем менен (древестный уголь) эскиздерди тартып, аларды кийинчереек студияда пайдаланган. Бул сүрөттөрдүн окшош жери сол жактан оң жакка тартып диагоналдуу жайгашкан Альптын тоолору. Кээбир эскиздеринде буудай талаанын аркасында жайгашкан кипарис көрсөтүлгөн. Эскиздердин акыркысы «Сан-Реми-де-Прованстагы буудай талаасы» деп аталат жана азыркы учурда Нью-Йоркто сакталат. Эки күндөн кийин Ван Гог иниси Теого жазган катында «жылдыздуу түндү» жаратканын билдирет.
Винсенттин уктоо бөлүмүнүн терезесинен көрүнгөн көрүнүштү сүрөттөгөн бир нече чыгармалардын ичинен, бир гана «Жылдыздуу түн» түнку учурду көрсөтөт. Июньдун башында Теого төмөнкүнү жазат: “Бүгүн таң ата электе, күн чыга электе терезеден асмандагы жалгыз жылдыз аябагандай чоң көрүндү». Изилдөөчүлөр ошол учурда Венера өзүнүн эң жарык мезгилинде Прованста көрүнгөнүн аныкташат, жана Ван Гогтун сүрөтүндө кипаристин оң жагында болжолду түрүндө Венера көрсөтүлгөн.
Чыгармада ай стильге жараша өзгөртүлгөн, себеби анын фазасы сүрөттү таркан учурга дал келбейт. Сүрөттөгү көрсөтүлгөн айыл терезеден көрүнгөн эмес, ал же мурда тартылган эскиздердин негизинде тартылган, же сүрөтчүнүн ата-мекен жөнүндөгү кыйалды чагылдырат. «Жылдуздуу түнгө» сүрөтчү өзү жакшы маани берген эмес, 1889-жылдын ноябрь айынын этегинде сүрөтчү Эмиль Бернарга жазган катында, ушул чыгармасын өзүнүн катасы деп белгилейт.
Ван Гог, Клод Монеге окшоп живопистик чыгармаларды сериясы менен иштегенди тандаган. «Жылдыздуу түн» ошондой эки серияга кошулат. Бир жагынан Сен-Ремидеги жазылган буудай талаа менен кипаристи камтыган серияга кирет, экинчи жагынан Арледеги башталган «Кафенин түнкү террасасы» деп аталган жана «Ронна үстүндөгү жылдыздуу түн» деп аталган сүрөт менен улантылган серияга кирет.
«Жылдыздуу түндү» Ван Гог 1889-жылдын июль айындагы болгон орчундуу психикалык оорунун башталышында жараткан. Ошондуктан ал түнкү асманды эч ким көрбөгөндөй элестетип жараткан. 1889-жылдын 28-сентябрында Ван Гог бул чыгарманы бир нече чыгармалардын арасында иниси Теого жөнөтөт. Винсент каза болгондон кийин иниси Тео жарым жылдан кийин каза болот жана бул чыгарма Теонун жесири Йоханнанын колуна өтөт. 1900-жылы бул чыгарманы Йоханна Жюльен Леклер аттуу акынга сатып жиберет. Ал 1901-жылы Гогендин эски досуна Эмиль Шуффенекерге кайрадан сатып жиберет. Беш жылдан кийин Йоханна Шуффенекерден кайра сатып алып Роттердамдагы Олдензил галереясыны сатат.
1938-жылга чейин бул чыгарманын ээси болуп Роттердамдагы Жоржетта ван Столк болуп саналган. Андан кийин бул чыгарманы искусство чыгармаларын алып-сатуучу француз Поль Розенберге саткан. Ал эми 1941-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бул чыгарманын ээси Нью-Йорктогу заманбап искусство музейи болуп калган.