2016-04-05


Окуучулардын көркөм чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн калыптандырууда кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн орду


Азыркы бүткүл коомдук өзгөрүштөрүнө жараша өнүгүүсү келечек кесип ээлерин даярдоодо руханий, улуттук баалулуктарын калыптандырууну, билим берүүнү жаңыча уюштурулушу талап кылууда. Жаштарды кыргыз элинин улуттук руханий маданияты, өнөр - казынасы менен тааныштыруу бүгүнкү күндүн зарыл маселелеринин бири. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган 2002-жылдагы концепцияда: «Улуттук маданият, көөнөрбөс өнөр аркылуу жаштарга ар тараптан көркөм эстетикалык тарбия берүүнүн бир бөлүгү – чыгармачылык менен ой-жүгүртө билүү, көркөм эстетикалык маданиятты калыптандыруу; сулуулукка, тазалыкка үйрөтүү; маданияттуулукка тарбиялоо; адамзат коомундагы маанилүү мурастарды үйрөнүү, жалпы элдик руханий ийгиликтерди баалай билүүгө тарбиялоого» өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Ошондуктан, келечек кесип ээлеринин иш-аракетинин коомдун талабына жараша өзгөрүүсү, алардын кесибине шайкеш сапаттарды калыптандыруу инсандын жалпы  өнүгүү маселесинин маанисин арттыруу максатында семинар өткөрүлдү.