2019-12-11


Лидер болуу үчүн


2019-жылдын 20-ноябрында Группалык педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк лабораториясында  (КФ-518) бөлүмүбүздүн профессору доктор Күршад Йылмаз “Лидер болуу үчүн: күндүн талабына карата айрым корутундулар” аттуу семинар өткөрдү. Семинарга бөлүмүбүздүн окутуучулары жана студенттери катышышты.

      

Семинарда учурдун актуалдуу темаларынын бири болгон лидер түшүнүгү жана анын аныктамасы, лидердин сапаттары жана өзгөчөлүктөрү баяндалды.

Семинардын аягында доктор Күршад Йылмаз угуучулардын суроолоруна жооп берди, ал эми угуучулар өз ара айрым белгилүү тарыхый жана учурдагы инсандардын лидерлик сапаттары боюнча пикирлерин бөлүшүштү.

Семинар жаштарга өзүн кесиптик жактан дагы, социалдык жактан дагы өнүктүрүү жаатында пайдалуу болду дей алабыз.