2020-05-17


2020-ж 10-январында Философия бөлүмүндө ата-энелер жана жумуш берүүчүлөр менен чогулуш болуп өттү


Бөлүмүбүз окуу жылдын 2020-ж 10-январында Экономика жана башкаруу факультетинин 228-жыйналыш залында ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен чогулуш өткөрдү. Чогулушта философия бөлүмүнүн башчысы  профессор, доктор Ж. Бөкөшов киришүү сөзүн айтып, бөлүмдүн ийгиликтери, жетишкендиктери, окутуучулары  жөнүндө маалымат берип, ошондой эле катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Салтанатта ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр  өз пикирин билдиришти. Бөлүмүбүздүн 3-курс студенти Эгизбекова Наргизанын агасы Эгизбеков Замир ата – энелердин оюн угуу жөнүндө иш чаранын уюштурулгандыгына ыраазы экендигин айтуу менен бирге, бул бөлүмдүн адам баласына таасири күчтүү экендигин баса белгилеп айтты.

Бүтүрүүчүлөргө дагы сөз берилди. 2019–жылы философия бөлумүндө магистратураны бүтүргөн студент Жаркынбаева Гүлкайыр Таалайбековна Улуттук илимдер академиясында иштейт. Академия- кызматташууга даяр экендигин айтып бөлүмдүн студенттери Улуттук илимдер академиясында өткөн стажировкада ийгиликтүүлүгүн көргөзө алгандыгын белгиледи.