2020-05-17


2019-ж 20-декабрында Философия бөлүмүндө өнөктөштөр менен жыйын өткөрдү


Окуу жылыбыздын 2019-ж 20-декабрында Философия болүмү өнөктөштөр менен жыйын өткөрдү. Бул жыйынга Техникалык колледждин директору Касым Келебаев, Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын проректору Элвира Ажымамбетова, Улуттук илимдер академиясынын философия институтунун директору Нур Саралаев, И.Арабаев атындагы университеттин проректору Эмил Каниметов, Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын философия бөлүмүнүн башчысы Советбек Абдрасулов катышып, келишимге кол коюлду. Жыйналышта мекеме-ишканалардын, окуу жай жетекчилеринин пикири сунушталды.