2026-04-22
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин окутуучулары профессор д-р Руслан Салыков жана доктор Айдай Жунушова тарабынан орто мектептердин акыркы классынын окуучуларына багытталган таанытуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – окуучуларды Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Ветеринария факультети жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, кесип тандоого жардам берүү жана жогорку билим алууга болгон кызыгууну арттыруу болуп саналат. Программада университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, факультеттин материалдык-техникалык базасы, окуу процесси, эл аралык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана ветеринардык кесиптин коомдогу орду тууралуу маалымат берилди.
Таанытуу программасынын алкагында 2026-жылдын 21-апрелинде №81 жалпы билим берүү мектеби жана №5 жалпы билим берүү мектеби зыяратталып, студенттерге университет жана ветеринария факультети тууралуу кеңири презентациялар көрсөтүлдү.



