2026-04-29
Таш-Дөбө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы орто билим берүү мектебинин окуучулары 2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультетине келишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар факультеттин академиялык түзүмү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык окутуу базалары тууралуу факультет жетекчилигинен жалпы маалымат алышты.
Факультет өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөн тааныштыруу иш-чарасында окуучулар факультеттин лабораторияларын, окуу аудиторияларын, музейин, илимий-изилдөө жана практикалык борборун көрүп чыгышты.
Бул сапар окуучулардын университеттик чөйрө менен жакындан таанышып, ветеринардык кесип тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө жана келечектеги академиялык максаттарын аныктоого өбөлгө түздү.




