2025-12-16


Студенттерибиз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясында


19.11.2025 ж. күнү Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн х.и.к., ага окутуучусу Айгүл Усубалиева жетекчилиги астында Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 4-курстун студенттери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясына экскурцияда болушту. Бөлүмүбүздүн студенттери академик Ж. Жеенбаев атындагы Физика институтунун директору КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Жеенбаев Нурбек Жаныбекович менен маек курушту жана институттун илимий кызматкерлери менен жолугушуп лабораториялар менен танышуу менен бирге жабдыктардын иштеши тууралуу маалыматтарды алышты. Ошондой эле Химия жана фитотехнологиялар институтунун илимий кызматкерлери менен жолугушуп илимий иштер тууралуу маалыматтарды алышты.