2024-06-04


Кыргыз Улуттук Университетинде кафедрабыздын профессору семинар отту


2024- жылдын 10-май күнү Кыргыз-ТүркМанасуниверситетинин педагогика бөлүмүнүн профессору, көрүнүктүү педагог Акматали Алимбеков И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин студенттеринеКыргызстандын мектептеринде тарбиялоонун максаты жана мазмунун аныктоонун актуалдуу маселелеридеген темада кызыктуу конок лекция окуду

Сабакта аталган теманын алкагында баалуу маалыматтар берилип, өзөктүү түшүнүктөргө аныктамалар берилди. Тарбиялоо менен окутуунун айырмачылыктарын ачыктаплектор тарабынан авторлош катары даярдалганОкуучу жаштарды руханий адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясыныннегизги багыттарына токтолду. Ошондой эле кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясынын, эстетикалык тарбиясынын өзгөчөлүктөрүн, артыкчылыктарын белгилеп, Улуттук тарбиянын негизги багыттарын кайдан алабыз?! деген суроонун алкагында баалуу, пайдалуу, кызыктуу маалыматтарды берди.

И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к., профессор Адылбек кызы Гүлназ профессор Акматали Алимбековго кызыктуу сабак өтүп бергендиги үчүн  ыраазычылык билдирип, мындан ары кызматташууну сунуштады.