2025-12-18


Бакалавр студенттери менен атайын билим берүү борборуна тааныштыруу иш сапары уюштурулду


Педагогика бөлүмүнүн Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк бакалавр программасынын 2- жана 3-курс студенттери 2025-жылдын 3-декабрында Бишкек шаарындагы Жогорку Жал 29 дарегинде жайгашкан Атайын балдарды окутуу жана реабилитациялоо борборуна барышты. Алдын ала макулдашууга ылайык, студенттер зыяратка Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу д-р Кадиян Бообекованын жетекчилиги алдында катышыштыЗыяратка ошондой эле Педагогика бөлүмүнүн профессору Сүлейман Барбарос Ялчын жана магистрант Суна Кылыч да катышты.

Атайын балдарды окутуу жана реабилитациялоо борборунун директору Гүлнура Асылбек кызы жана мекеменин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, борбордун ишмердүүлүгү, өзгөчөлүктөрү, балдардын билим алуусу, багылышы жана саламаттыгы тууралуу кеңири маалымат алынды.

Мындан тышкары, угуу жөндөмү бузулган балдар, тил кемтиги бар балдар, аутизм спектриндеги балдар, акыл-эс жана өнүгүү жагынан артта калган балдар, спастикалык бузулуусу бар балдар менен иштөө өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди.

Студенттер мекеменин жетекчилигине жана кызматкерлерине өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кошумча маалымат алышты. Бул иш сапар студенттердин борбордогу ишмердүүлүктү байкап, балдарды таанып-билүүсүнө, ошондой эле атайын билим берүүгө муктаж балдардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жана атайын билим берүүдө психологиялык кеңеш берүү боюнча практикалык билим алуусуна шарт түздү.