2023-06-20


БАКУНУ БАГЫНДЫРГАН МАНАСТЫН УРПАКТАРЫ


2023-жылдын 5-11-июнунда Азербайжандын борбору Баку шаарында II Түрк дүйнөсүнүн адабият жана китеп фестивалы болуп өттү. Аталган фестивалга Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Венгриядан белгилүү акын-жазуучу, филолог-окумуштуулар чакырылды.

Иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн башчысы, проф. докт. Бурул Сагынбаева жана Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу, акын Алтынбек Исмаилов катышты.

Алар Кыргызстандын тарыхы, адабияты, маданияты, этнографиясы жана тарыхый инсандары тууралуу кеӊири маалымат берип, улуттук ат оюндарына арналган даректүү тасма көрсөтүштү. Манас дастаны жана Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө кенен сөз кылышып, мекенге, түрк дүйнөсүнө арналган ырларды көркөм окушту.

Фестивалдын соӊунда проф.док. Бурул Сагынбаевага эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Низами Генжеви атындагы төш белгиси жана Бейнелхалк Түрк маданияты жана Мурас фонду тарабынан сертификат, ал эми акын Алтынбек Исмаиловго Бейнелхалк Түрк маданияты жана Мурас фонду тарабынан сертификат ыйгарылды.