2024-02-05


доц.м.а., т.и.к. Динара Молдокулованын "Кыргыздардын салттык турмушундагы жесир аялдын аза күтүү каадасы" аттуу семинары


2024-жылдын 13-февралында КТМУ, Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмүнө И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын  тарых илимдеринин кандидаты, доценти, этнограф Динара Молдокулова конок катары чакырылды. Т.и.к., доцент Динара Молдокулова Социология бөлүмүнүн 2023-2024-жылынын жазгы семинарлар сериясы үчүн "Кыргыздардын салттык турмушундагы жесир аялдын аза күтүү каадасы" аталышында баяндама жасап берди. Катышуучулардын кызыгуусун жана талкуусун жараткан семинар суроо-жооп менен аяктады.