2020-02-19


2020.02.14: ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ


2020-жылдын 14-февраль күнү Синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчылыгы жана окутуучулары тарабынан Бишкектеги котормочулук уюмдар жана фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу Синхрондук котормо бөлүмүндө окутулуп жаткан студенттердин практика өтүшү жана бүтүрүүчүлөрдүн иш табуусуна көмөктөшүү максатында жүргүзүлдү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Асылбек Орозов, «Hakikat Tercüme» котормо фирмасынын жетекчиси Эмин Айбар, «OBO» котормо фирмасынын жетекчиси Байзак Маматалиев, «Translation Center» фирмасынын өкүлү Үмүт Калыбекова, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин котормо бюросунун башчысы Кыял Сааданбек кызы, Гумантиардык факультеттин деканынын орун басары PhD доц. Алпарслан Ашык жана окутучулуар катышты.

Жолугушуунун натыйжасында Синхрондук котормо бөлүмү жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда студенттердин практикадан өтүшү үчүн келишим түзүү боюнча макулдашылды