2016-11-03


«Жаны ысымдар» адабий конкурсунун жыйынтыгы


23-сентябрь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филормонияда өткөн жаш жазуучулардын республикалык «Мекенге таазим» фестивалы жана «Жаны ысымдар» адабий конкурсунун сыйлык тапшыруу аземинде Гуманитардык факультеттин синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу Нургул Карыбекованын англисчеден кыргызчага которгон «Таш жүрөк» жана «Шарлоттанын желеси» аттуу балдар адабий чыгармасы мыкты деп табылып, комиссия тарабынан диплом менен сыйланды.