2020-02-18


2020.02.30: ТИЛМЕЧТЕР «ДИСНЕЙГЕ» САЯКАТ ЖАСАШТЫ


Синхрондук-котормо бөлүмүнүн студенттери тарабынан уюштурулган «Тилмечтер таймашынын» кезектеги оюну болуп өттү. Бул жолку оюндун темасы «Дисней» компаниясы жана алар жараткан эмгектерге арналды. Оюнга 5 команда катышып, 1-орунга "Торнадо", 2-орунга "Victoria" ал эми 3-орунга "Биримдик" командасы ээ болду. Аталган командаларды кезектеги жеӊиши менен куттуктап, мындан кийинки жарыштарда да ийгилик каалайбыз.

Айрыкча оюнду уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн Синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жейхун Ведат Уйгур жана бөлүмүбүздүн магистранты Баялин Касымалиевге ыраазычылык билдиребиз.