2020-02-28


2020.02.24: ТИЛМЕЧТЕР ТАЙМАШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОЮНУ ӨТТҮ


21-февральда Синхрондук котормо бөлүмүнүн суденттеринин арасында өткөрүлүүчү «Тилмечтер таймашы» интеллектуалдык оюнунун кезектеги таймашу болуп өттү. Бул жолку таймаштын темасы «Синхрондук котормо» болду. Оюнга жалпы 5 команда катышып эӊ күчтүү 3 команда өздөрүнүн мыктылыгын көрсөттү. Натыйжада, 1-орунга "TORNADO" командасы, 2-орунга "VICTORIA", ал эми 3-орунга "БИРИМДИК" командасы ээ болду.  

Оюн учурунда көрүүчүлөргө дагы кызыктуу суроолор берилип, жооп бергендерге жагымдуу белектер да тапшырылды. Оюнду уюштурууга жардам берген Синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчысы проф. Жейхун Ведат Уйгур агайыбызга, бөлүмүбүздүн жалпы мугалимдерине жана оюнду уюштурган студенттерге терең ыраазылык билдиребиз!

Оюнубуз мындан ары да өзүнүн сапарын улантмакчы. Андыктан ар дайым биз менен болуңуздар!