2022-02-15


СТУДЕНТИБИЗ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ КАТЫШКАН ИШ-ЧАРАДА КЫЗМАТ КӨРСӨТТҮ


«Манас» университети катары максатыбыз – түрк дүйнөсүнүн жана жалпы эле адамзаттын керегине жарай турган адистерди тарбиялап чыгаруу. Кыргызча-түркчө котормо программасынын 4-курсунун студенти Зулайка Эгембердиеванын «иш капчыгына» Министрлер кабинетинин төрагасы катышкан дагы бир иш-чара кошулду. Тапталып жаткан жаш адисибизге бийиктиктерди багынта беришин каалайбыз жана сыймыктанабыз!