2023-10-20


Түркология бөлүмүндө проф. Dr. Ирфан Албайрак «Шумер клинописи жана колдонулган өлүк тилдер» темасында семинар өткөрдү


2023-жылдын 6-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин №228 семинар залында Анкара университетинин тил жана тарых-география факультетинин байыркы тилдер жана маданияттар бөлүмүнүн окутуучусу проф. док. Ирфан Албайрак «Шумер клинописи жана ал колдонулган өлүү тилдер» деген темада семинар берди. Семинар «Түркология бөлүмүнүн семинарлары» сериясынын алкагында уюштурулду. Семинарда Шумер цивилизациясынын жана Шумер клинописинин тарыхтагы орду баса белгиленип, Шумер клинописинин башка цивилизацияларга тийгизген таасири айтылды.