КТМУнун жетекчилиги Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри менен жолугушту


  • 2026-04-30

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри, доктор Дамирбек Осмонов менен жолугушту.

Жолугушууда КТМУнун Медицина факультетинин келечектеги саламаттык сактоо адистерин даярдоодогу стратегиялык ролу, өлкөнүн квалификациялуу кадрларына кошкон салымы жана аймактык саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле университеттин жалпы академиялык жетишкендиктери жана улам бекемделип жаткан эл аралык аброю бааланды.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Медицина факультетинин эл аралык академиялык стандарттарга шайкеш билим берүү системасын, интеграцияланган окуу программасын, клиникалык практикаларды жана кесиптик компетенттүүлүктү негиз кылган ыкмасын тааныштырды. Ал теориялык билим менен практикалык окутууну айкалыштырган бул модель студенттерди заманбап саламаттык сактоо системаларынын өзгөрүп жаткан талаптарына даярдай турганын белгиледи. Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр, дисциплиналар аралык иштер жана студентке багытталган билим берүү мүмкүнчүлүктөрү университетти медициналык билим берүү тармагында аймактык деңгээлде өсүп келе жаткан борборго айлантып жатканын баса белгиледи.

КТМУнун эл аралык көз карашы белгиленди

Жолугушууда Кыргыз–Түрк "Манас" университетинин сапатка багытталган билим берүү концепциясы, интернационалдашуу стратегиясы жана бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери да сөз болду. Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттерди кабыл алып, изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн тынымсыз өнүктүрүп жаткан "Манас" университети Кыргызстан үчүн гана эмес, Түрк дүйнөсү жана коңшу аймактар үчүн да маанилүү жогорку окуу жай экенин белгиледи.

Саламаттык сактоо жана илимий изилдөөлөрдөгү жалпы артыкчылыктар

Жолугушуунун алкагында саламаттык сактоо тармагындагы кадрларды өнүктүрүү, колдонмо илимий изилдөөлөр, кесиптик билим берүү программалары жана институционалдык кызматташтык маселелери боюнча да пикир алмашуу болду. Тараптар университеттер менен улуттук саламаттык сактоо системаларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө узак мөөнөттүү коомдук пайда алып келерин белгилешти.

    Социалдык медиада бөлүшүү