КТМУда колдонмо экономика жана финансы боюнча эл аралык конференция башталды


  • 2026-05-11

КТМУда өтүп жаткан XV Эл аралык колдонмо экономика жана финансы конференциясы (ICOAEF XV) эртең мененки ачылыш аземи менен башталды. Конференция Aнадолу университети, Кожаэли университети жана TИKA уюму менен биргеликте уюштурулуп, экономика, финансы, туруктуу өнүгүү жана жасалма интеллектке негизделген изилдөөлөрдү бир академиялык аянтчага чогултту.

Ректор Жейлан: “Экономикасыз бекем жол картасын түзүү мүмкүн эмес”

KТМУнун ректору Aлпаслан Жейлан университетте уюштурулган илимий симпозиумдар менен конференциялар биргелешип ой жүгүртүү маданиятын бекемдей турганын белгилеп, академиялык өнүгүүнүн негизинде орток акыл жатканын баса белгиледи. Ал келечекке үмүт менен карап жатышканын билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдиги, ишеними жана терең маданий байланыштары жалпы келечекти курууда бекем негиз түзөрүн билдирди. Ошондой эле бул орток мурастын илим, билим берүү жана кызматташтык тармактарында мындан ары да чыңдалышы керектигин белгиледи.

Ректор Жейлан экономика мамлекеттердин келечегин аныктаган эң негизги тармактардын бири экенин айтып, бекем жол картасы күчтүү экономикалык көз караштар аркылуу гана түзүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, конференцияда сунушталган илимий баяндамалар академиялык чөйрөгө гана салым кошпостон, мамлекеттердин келечегине багыт бере турган стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгууга дагы олуттуу салым кошот.

Ошондой эле ал KТМУ Кыргызстанды эл аралык деңгээлде ийгиликтүү таанытып келе жаткан алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири экенин белгилеп, студенттердин улуттук жана эл аралык аянтчалардагы ийгиликтери өздөрү үчүн чоң сыймык жана мотивация булагы экенин айтты.

Биринчи проректор Ибраев: “Экономика — өлкөнүн жүрөгү, адилеттүү башкаруу — жыргалчылыктын негизи”

KTMУнун проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев экономика мамлекет менен коомдун негизги тиреги экенин айтып, экономикалык түзүлүш өлкөнүн жүрөгүнө тете экенин белгиледи. Биринчи проректор Ибраев студенттер келечекте Кыргызстан менен Түркияда гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө да экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошоруна ишенерин билдирди. Ал XI кылымда жашаган мамлекеттик ишмер жана ойчул Жусуп Баласагындын башкаруу философиясында адилеттүүлүк негизги орунда турарын белгиледи. Анын “Кутадгу Билиг” аттуу эмгегинде мамлекетти башкарууда адилеттүүлүк өкүм сүрсө, мамлекет да, эл да тынчтыкка жана бакубаттуулукка жетери баса белгиленгенин айтты. Биринчи проректор Ибраев экономика байлык же өсүш көрсөткүчтөрү менен гана чектелбестен, адамдардын жашоосуна, жыргалчылыгына жана жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен маанилүү тармак экенин кошумчалады.

Профессор Карымшаков: “Илимий конференциялар жаш изилдөөчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк”

KTMУнун экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Камалбек Карымшаков конференциянын он бешинчи жолу өткөрүлүп жатышы анын бай тарыхы, туруктуулугу жана бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык ийгиликтүү уюштурулуп келе жатканынан кабар берерин айтты. Ал бүгүнкү күндө туруктуу өнүгүү маселелери менен технологиянын ыкчам өнүгүшү экономикалык жана социалдык процесстерди кыйла татаалдаштырып жатканын белгиледи. Бул жагдай экономикалык жана коомдук окуяларды өз убагында жана терең талдоону, ошондой эле жаңы ыкмалар аркылуу баалоону талап кыларын айтты. Мындай ыкмаларды билим берүү процессине киргизүү окутуучулар менен студенттер үчүн жаңы милдеттерди жана олуттуу чакырыктарды жаратып жатканын белгиледи. Профессор Карымшаков бул конференция өзгөчө жаш изилдөөчүлөр жана студенттер үчүн абдан пайдалуу болооруна ишенимин билдирди.

Кожаэли университетинин окутуучусу, профессор Айхан Орхан конференцияны өткөрүп жаткан KТМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындай илимий иш-чаралар университеттер арасындагы маалымат алмашууну күчөтүп, биргелешкен академиялык ишмердүүлүккө олуттуу салым кошорун айтты.

Жасалма интеллект жана туруктуу өнүгүү темалары көңүл борбордо

Конференциянын биринчи чакырылган баяндамачысы Хажеттепе университетинин маалыматтык технологиялар институнан доцент Онур Полат болуп, ал “Жасалма интеллектке негизделген болжолдоо иерархиясы: WTI чийки мунайынын өзгөрмөлүүлүгүндө фундаменталдык жана спекулятивдик факторлорду ажыратуу” аттуу баяндамасында жасалма интеллект колдоосу менен экономикалык божомолдоо моделдерин талдайт.

Программанын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун Адам ресурстары жана туруктуу өнүгүү боюнча директору Хүснү Текин “Туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдө региондук уюмдардын ролу: Экономикалык кызматташтык уюмунан алынган сабактар” аттуу баяндама жасайт.

Конференциянын алкагында 14 сессия жана 3 семинар уюштурулат

Эки күнгө созула турган конференциянын алкагында офлайн жана онлайн форматта жалпысынан 14 академиялык сессия жана 3 семинар уюштурулду. Биринчи күнү болгон сессияларда банк тармагы, энергетикалык рыноктор, макроэкономика, туруктуулук, миграция, санариптик трансформация, жаш изилдөөчүлөр, финансылык рыноктор жана адилет өтүү саясаты сыяктуу темалар талкууланды. Онлайн сессияларда болсо эмпирикалык экономика, колдонмо экономика, экологиялык экономика, финансылык экономика, эмгек экономикасы, технология менен экономиканын байланышы жана жасалма интеллект колдонмолору боюнча баяндамалар жасалат.

Конференция дүйнөлүк деңгээлде өтүүдө

Конференциянын программасына Түркия, Кыргызстан, АКШ, Бельгия, Франция, Италия, Эфиопия, Румыния, Россия, Греция, Марокко жана Борбордук Африка Республикасынан изилдөөчүлөр катышууда. Иш-чарага 80ден ашуун окутуучу жана адис баяндамачы катышууда.

KTMУнун изилдөөгө багытталган эл аралык стратегиясы өзгөчөлөндү

Экономика жана финансы тармагындагы актуалдуу академиялык талкууларды дүйнөлүк деңгээлде бириктирген бул конференция KТМУнун эл аралык илимий кызматташтыгын бекемдеген жана Борбордук Азиядагы академиялык таанымалдыгын жогорулаткан маанилүү аянтчалардын бири катары бааланды.

 

Manas TV'nin Haberi: https://youtu.be/Z12m9JXBhqE

    Социалдык медиада бөлүшүү