Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор доктор Алпаслан Жейлан Түркия Республикасынын Билим берүү министрлигинин Жогорку билим берүү жана чет өлкөдөгү билим берүү боюнча башкы директору Фарук Берат Акчешмеге жолугушуу жасады.
Жолугушууда жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу багытынын алкагында биргелешкен академиялык долбоорлорду өнүктүрүү, түрк дүйнөсүндө билим берүү тармагындагы стратегиялык кызматташтыкты чыңдоо жана учурдагы кызматташтык багыттарын мындан ары жогорку деңгээлге көтөрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.