КТМУда III Айыл чарба студенттик конгресси айыл чарбанын келечегине багыт берди


  • 2026-05-08

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Айыл чарба факультети тарабынан быйыл үчүнчү ирет уюштурулган “III Айыл чарба студенттик конгресси” жаш изилдөөчүлөрдү илимий аянтчага чогултту. Салтка айланган конгрессте бүтүрүүчү курс студенттери даярдаган дипломдук иштерин окутуучулардын баалоосуна сунуштап, илимий изилдөөлөрүн бөлүшүү жана кесиптик жөндөмдөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

КТМУнун Айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн дипломдук иштерди бүтүрүү процессин гана жыйынтыктоочу академиялык эмгек катары баалабоо керектигин белгилеп, бул изилдөөлөр илимий өндүрүшкө жана айыл чарба тармагындагы инновациялык өнүгүүлөргө олуттуу салым кошо ала турган маанилүү эмгектер экенин билдирди. Айыл чарба секторундагы актуалдуу көйгөйлөргө чечим сунуштаган изилдөөлөрдүн маанисине токтолгон Айгүн, конгрессте сунушталган долбоорлор теориялык деңгээлде гана калбастан, практикада колдонууга ылайыктуу, тармакка конкреттүү пайда алып келген жана келечекке багыт берген илимий жыйынтыктарга айланышы чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Факультеттин окуу аудиторияларында күн бою уланган секциялык жыйындарда студенттер айыл чарба тармагындагы заманбап жана инновациялык темалар боюнча даярдаган илимий изилдөөлөрүн сунушташты. Өсүмдүктөрдү коргоо, бакча жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмдөрүнүн студенттери алма көчөттөрүнүн клондук түптөрүн көбөйтүү, помидор күбөсүнө каршы күрөшүү ыкмалары, Кыргызстандын мөмө-жемиш экспорттоо потенциалы жана табигый таттуу берүүчү өсүмдүк катары белгилүү стевия боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрү менен өзгөчө көңүл бурду.

Айрыкча аймактагы айыл чарбасына түздөн-түз тиешелүү болгон оорулар жана зыянкечтер тууралуу баяндамачылар тарабынан жасалган презентациялар окутуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынып, студенттердин илимий мамилеси жана көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлору жогору баага татыды.

    Социалдык медиада бөлүшүү