Кыргыз–Түрк "Манас" университети менен Түркиянын Саламаттык сактоо илимдери университетинин ортосунда медиа, корпоративдик коммуникация жана биргелешкен контент өндүрүүнү камтыган кызматташтык протоколуна кол коюлду.
Кыргыз–Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Саламаттык сактоо илимдери университетинин ректору, профессор Кемалеттин Айдын тарабынан онлайн форматта кол коюлган протокол эки университеттин медиа жана коммуникация тармагындагы тажрыйбасын бириктирүүнү, корпоративдик байланыш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана студенттерге практикага багытталган жаңы шарттарды түзүүнү максат кылат.
Саламаттык сактоо университетинде медиа борборун түзүүгө колдоо көрсөтүлөт
Кызматташтыктын алкагында Саламаттык сактоо илимдери университетинин курамында түзүлүшү пландалган медиа борборуна КТМУ тарабынан консультациялык колдоо көрсөтүлөт. Бул багытта медиа борбордун уюштуруу түзүмүн жана контент өндүрүү процесстерин калыптандырууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле эфир пландаштырууда техникалык колдоо берүү каралган.
Биргелешкен контент жана санарип көрүнүктүүлүк боюнча кызматташтык
Протоколго ылайык, эки университеттин таанытуу иштерин колдоочу биргелешкен медиа контенттерди даярдоо жана жайылтуу пландалууда. Бул кызматташтык аркылуу санарип көрүнүктүүлүктү жогорулатуу, коммуникация жаатында тажрыйба алмашууну күчөтүү жана мекемелердин коомчулуктагы ордун бекемдөө максатталат.
Студенттерге практика, кызматкерлерге кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү
Макулдашууга ылайык, КТМУнун студенттерине Саламаттык сактоо илимдери университетинде практика өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан тышкары, эки университеттин медиа кызматкерлерине арналган окуу программалары, семинарлар жана мастер-класстар аркылуу кесиптик өнүгүүнү колдоо пландалууда.
Протоколдун ишке ашырылышына КТМУ тарабынан Корпоративдик коммуникациялар координациясы, ал эми Саламаттык сактоо илимдери университети тарабынан Басма сөз жана коомчулук менен байланыш координациясы жооптуу болот. Бул кызматташтык Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жогорку билим берүү байланыштарына медиа жана коммуникация тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары күтүлүүдө.