19-май — Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын 107 жылдыгы кут болсун


  • 2026-05-18

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан 19-май — Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата жарыялаган куттуктоо кайрылуусунда түрк элинин көз карандысыздык үчүн күрөшүнө жана жаштарга берилген маанинин тарыхый ордуна өзгөчө токтолду.

1919-жылдын 19-майында Гази Мустафа Кемал Ататүрк Самсунда жандырган көз карандысыздык шамы элибиздин тагдырын өзгөрткөн тарыхый бурулуш учуру болгон. Бул маанилүү күндүн 107 жылдыгын чоң сыймык, терең ыраазычылык жана кубаныч менен белгилеп жатабыз. 19-май — бул жөн гана тарыхый башталыш эмес, ошондой эле улуттук эрктин кулчулукка каршы каршылыкка айланып, көз карандысыздык идеалынын бүтүндөй өлкөгө жайылган ыйык кайра жаралуусунун символу болуп саналат. Мустафа Кемал Ататүрктүн бул маанилүү күндү жаштарга арнашы — келечекти ишенип тапшырган муунга болгон бекем ишениминин эң күчтүү көрүнүшү.

Чындыгында, Ататүрк: «Жаштар, биздин кайратыбызды бекемдеп, улантып турган - силерсиңер. Силер алып жаткан тарбия жана билим аркылуу адамзаттык баалуулуктардын, мекенге болгон сүйүүнүн эң баалуу үлгүсү болосуңар», - деп, жаштарга болгон ишенимин тарыхый осуят катары билдирген.

Биз, Кырыз-Түрк "Манас" университети катары, түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын өздөштүргөн, илим-билим менен тарбияланган, улуттук жана руханий жоопкерчилик сезими жогору жаштарды тарбиялоону эң негизги милдетибиз деп эсептейбиз.Жаштарыбыздын орток тарых жана маданият аң-сезими менен тарбияланып, келечекке багыт берген инсандар болуп өсүшү — биздин эң чоң ишенимибиз.

Ушул сезимдер жана ойлор менен, эң оболу Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү, ошондой эле анын бардык куралдаштарын, шейиттерибизди жана баатыр ардагерлерибизди терең урмат, ыраазычылык жана таазим менен эскерип, элибизди жана түрк дүйнөсүнүн жаштарын 19-Май — Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Профессор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү