КТМУнун В-Блок студенттик жатаканасында кеңири жаңылоо иштери башталды


  • 2026-06-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) студенттерге коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап жашоо шарттарын түзүү максатында В-Блок студенттик жатаканасында кеңири жаңылоо иштерин баштады.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил В-Блок студенттик жатаканасында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышып, жооптуу адистерден маалымат алышты.

Таанышуу учурунда Курулуш иштери жана техникалык тейлөө башкармалыгынын башчысы Онур Дурал жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана жаңылоо иштери тууралуу ректорго кеңири маалымат берди. Анын айтымында, жатакананын ички бөлүктөрүндө комплекстүү оңдоо иштери жүргүзүлүп, дубалдар сырдалып, жалпы пайдалануудагы жайлар жаңыланууда. Ошондой эле студенттердин жашоо сапатын жакшыртуу максатында бөлмөлөр, коридорлор жана социалдык жайлар дагы ыңгайлуу жана көрктүү абалга келтирилүүдө.

Жаңылоо иштерине байланыштуу пикирин билдирген ректор, профессор Алпаслан Жейлан студенттик жатаканалар жөн гана жашай турган жай эмес, студенттер билим алуу мезгилинин маанилүү бөлүгүн өткөргөн жашоо мейкиндиги экенин белгиледи.

«Университетибизде билим алып жаткан ар бир студентти өз балабыздай көрөбүз. Студенттерибиздин көпчүлүгү үй-бүлөсүнөн жана туулуп-өскөн жеринен алыс жерде билим алып жатышат. Ошондуктан алардын өздөрүн коопсуз сезе турган, таза, гигиеналык талаптарга жооп берген, ден соолукка пайдалуу жана тынч шарттарда жашоосу биздин башкы артыкчылыктарыбыздын бири. Студенттерибиздин мыкты шарттарда билим алуусуна салым кошуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, алардын жашоо шарттарын дайыма жакшыртууга аракет кылабыз», — деди ректор.

КТМУнун жетекчилиги студентке багытталган кызмат көрсөтүү түшүнүгүнүн негизинде жатаканалардагы жаңылоо иштери белгиленген мөөнөттө аяктай турганын жана студенттер жаңы окуу жылын заманбап, ыңгайлуу жана колдонууга ылайыктуу шарттарда тосуп алышарын билдирди.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү