Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айыл жана мектеп жолугушуулары» социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында 2026-жылдын жазгы семестринде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында кеңири иш-чаралар өткөрүлдү.
Долбоордун алкагында Боо-Терек, Бакиян, Кара-Суу, Айтматов району, Кызыл-Адыр, Чолпонбай, Шекер, Түй-Төө, Ынтымак, Көк-Таш, Таш-Кудук, Кызыл-Октябрь, Маданият, Көк-Токой, Жон-Арык, Кырк-Азык, Көк-Кашат, Манас жана Саз-Булак айылдарына барып, айыл жергесиндеги билим берүү мекемелери менен түз байланыш түзүлдү.
КТМУ өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы окуучулар менен түзүлгөн бул жылуу байланыш аркылуу академиялык маалыматтарды гана бөлүшпөстөн, Кыргызстандын сапаттуу адам ресурстарын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу өнүгүү максаттарына салым кошту.